ДРУЖИНИН
ДРУ́ЖИНИН Иван Георгиевич (10.10.1904. РФ,

Чита обл., Забайкалье ш. – 1987, Фрунзе) – химия илимд. доктору (1947), проф. (1950), Кырг. ССР ИАнын акад. (1954). Владивостоктогу Ы. Чыгыш ун-тин бүтүргөн (1931). 1932-жылдан СССР ИАнын Жалпы ж-а орг. эмес химия ин-тунда эмгектенген. 1954–56-ж. Кыргыз ССР ИАнын Химия ин-тунун директору ж-а Табигый ж-а тех. илимдер бөлүмүнүн академик-секретары, 1960- жылдан Орг. эмес ж-а физ. химия ин-тунда лабор. башчысы болуп иштеген. Ал шакирттери м-н бирге көптөгөн жаңы бирикмелерди теор. жактан мүнөздөгөн. Батыш Сибирь, Өзбекстан ж-а Кырг-ндын туз кендерин изилдеген, агын суудагы, көлдөгү туздардын чөгүшү ж-дөгү гидр. ж-а геохим. теорияны негиздеген. 450дөн ашык ил. эмгеги, а. и. 9 монографиясы, бир нече автордук күбөлүгү бар. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. 10*
<ParaBr>Эмг.: Физико-химическая характеристика природных солей месторождения Тянь-Шаня (в соавторстве). М., 1970; Алюмосульфатные источники Киргизии (в соавторстве). Ф., 1971.