ДРУЦЭ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРУ́ЦЭ Ион Пантелеевич (13. 9. 1928-ж. т.) – Молдаван эл жазуучусу (1988), Молдаван ССР Мамл. сыйл. лауреаты (1967). СССР Жазуучу­лар союзунун жогорку адабий курсун бүтүргөн (1956). Чыгармалары 1950-жылдан жарыялана баштаган. «Биздин кыштакта» (1953), «Адам­дарды сагынуу» (1959) аңгеме жыйнактарынын, «Кайгы жалбырактары» (1957), «Күздүн акыр­кы айы» (1964), «Журтуна кайтып келүү» (1972) повесттеринин, «Каса маре» (1960; 1961-ж. коюл­ган), «Дойна» (1971), «Жаштык ынтаасы» (1972), «Ыйыктын ыйыгы» (1976) пьесаларынын, «Мээ­римдүүлүгүбүз көтөргөн түйшүк» (1968) деген ро­мандын автору. Д. чыгармаларында адамдардын рухий байлыгын, мыкты сапаттарын чагылдыр­ган. Чыгармалары чет тилдерге которулган.