ДУАЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:23, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУА́ЛА – Камерундагы шаар. Жээк провинция­сынын административдик борбору. Калкы 1,2 млн (1992). Өлкөнүн башкы соода, өнөр жай борбору ж-а деңиз порту. Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш, текстиль, жыгаччылык, металл иш­тетүү өнөр жайы иштейт.