ДУБЛЁР
ДУБЛЁР (французча doubleur – эки эселөө) – роль аткаруучу менен кезектешип ойногон экинчи актёр. Т е а т р д а негизги аткаруучу ооруп калган учурда, бир канча спектакль коюлганда же бир образды ар кыл чечүү үчүн чыгармачылык таймаш жүргүзүлгөндө роль аткаруучу; кинодо татаал оюндарда (трюктарда – машина айдаганда, ат мингенде, музыкалык аспапта ойногондо жана башкаларда) негизги актёрду алмаштыруучу адам.