ДУНГАН ТИЛИ
ДУНГАН ТИЛИ – дунган элинин тили. Синтибет тилдеринин тобуна кирет. Кээ бир окумуштуулар дунган тилин кытай тили же анын диалекти деп эсептеп жүрүшөт. Д. т. өзүнчө тил экенин окумуштуулар (Е. Д. Поливанов ж. б.) фактылардын негизинде далилдеген. Д. т-нде Кытайда, Өзбекстанда, Казакстанда ж-а Кырг-нда жашаган дунгандар сүйлөйт. О. Азияда жашаган дунгандардын тили ганьсу ж-а шеньси деген эки диалектиден турат. Ганьсу диалектине ягэ, шеньси диалектине дунмый айтымы (говору) кирет. Дунган адабий тили ганьсу диалектинин негизинде түзүлгөн. Д. т-нин сөздүк курамында араб-иран, уйгур, кыргыз, татар, казак, өзбек ж-а орус тилдеринен кирген сөздөр кездешет. Д. т-нин жазуусу 1928-ж. чейин араб, 1928– 53-ж. латын графикасында болгон. 1953-жылдан орус графикасында.