ДИФФЕРЕНЦИАЛ МЕХАНИЗМИ
ДИФФЕРЕНЦИА́Л МЕХАНИЗМИ – баштапкы кыймылдын суммасына же айрымасына барабар болуучу жыйынтыктоочу кыймылды алууга мүмкүндүк берүүчү механизм. Мисалы, жетелөөчү дөңгөлөктөрдү, транспорт машиналарын жолдун бурулушунда ар кандай ылдамдык м-н айланышын камсыз кылуучу тиштүү механизмдер. Ал автомобиль, трактор ж. б. транспорт машиналарынын жетелөөчү дөңгөлөктөрүнүн кыймыл бергичине орнотулуп, өңгүл-дөңгүл жолдо жүргөндө машинанын жетелөөчү дөңгөлөктөрүнүн ар түрдүү ылдамдыкта айланышын камсыз кылат. Бир эркин даражалуу Дифференциал механизми кичине так которулууларды (мисалы, приборлордо) же чоң күчтөрдү (мисалы, темир кесүүчү станоктун винттик механизминде, дифференциалдык рычагда ж. у. с.) алуу үчүн колдонулат. Эки эркин даражалуу Дифференциал механизми кеңири таралган. Анда кыймыл конустук тиштүү дөңгөлөктөр аркылуу өткөрүп берилет (мисалы, автомобилдин дифференциалы).