ДИФФЕРЕНЦИАЛ ТОПОЛОГИЯСЫ
ДИФФЕРЕНЦИА́Л ТОПОЛОГИЯСЫ – топологиянын дифференциалдык көп түспөлдүктөр ж-а дифференциалдык чагылдыруулар теориясынын топологиялык проблемаларын изилдөөчү бөлүмү. Дифференциал топологиясын системалуу изилдөөнү 19-кылымдын аягында франциялык математик А. Пуанкаре баштаган, бирок ал мезгилде бул программаны иш жүзүнө толук ашыруу мүмкүн эмес болгон. Дифференциал топологиясын негиздөө 20-кылымдын 30-жылдарында гана ири математиктердин изилдөөлөрү м-н иш жүзүнө ашкан. 20-кылымдын 60-жылдарында Дифференциал топологиясынын ыкмалары аркылуу топологиянын бир катар негизги маселелери чечилди. Чыныгы көп түспөлдүктөрдү мүнөздөөчү класстардын топологиялык инварианттары аныкталды. Дифференциал топологиясынын өзгөчө багыттары – геодезиялык көп түспөлдүктөрдүн функционалдарынын экстремалдык теориясы ж-а катмарлар теориясы.
Ад.: Милнор Дж., Уоллес А., Дифференциальная топология. Начальный курс /Пер. с англ. М., 1972.