ДИФФЕРЕНЦИАЛ-АЙЫРМАЛЫК ТЕҢДЕМЕ
ДИФФЕРЕНЦИА́Л-АЙЫРМАЛЫК ТЕҢДЕМЕ – аргументти, баштапкы (изделүүчү) функцияны, анын өсүндүсүн (айырмасын) ж-а туундусун байланыштыруучу теңдеме. Мисалы, у =k∆у, мында у=у(х), ∆у=у(х+h) – у(х). Акыркы туюнтманы баштапкы теңдемеге коюу Дифференциал-айырмалык теңдеме болуп эсептелет. Ал четтөөчү аргументи бар дифференциалдык теңдеменин айрым учуру экенин көрсөтөт, к. Айырмалык теңдеме.