ДИПОЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:20, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИПО́ЛЬ (ди... ж-а гр. pjlos – уюл) – 1) э л е к т р­ д и к диполь – бири-биринен белгилүү бир аралыкта жайгашкан, абсолюттук маанилери бирдей, бирок белгилери карама-каршы болгон эки чекиттик заряддан (+е, –е) турган система. Электрдик диполдун негизги мүнөздөөчүсү – анын диполдук мо­менти. Терс заряд м-н оң зарядды туташтырган вектор диполдун ийини, заряддын абсолюттук мааниси (q) м-н диполдун ийинине (l) болгон көбөйтүндүсүнө барабар вектордук чоңдук вектордук момент (Р вектору) деп аталат. Ал мындай туюнтулат: Р=d L, мында L – заряддардын арасындагы аралык. Р вектору терс заряддан (-е) оң зарядга (е +) багытталат. Диполдук момент өзүнүн өлчөмүнө караганда чоң аралыктагы бейтарап системанын электр талаасын ж-а ага тышкы талаанын ара­кетин аныктайт. 2) абсолюттук чоңдуктары барабар, белгилери карама-каршы эки заряд