ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТТАМАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙНӨНҮН ИЛИМИЙ СЫПАТТАМАСЫ (кар­тинасы) – дүйнө ж-дөгү ил. изилдөөлөрдүн неги­зинде түзүлгөн, ырасталган туташ элеси; жара­тылыштын жалпы касиеттери ж-а алардын өнү­гүп-өсүү закон ченемдүүлүктөрү туурасында та­бият таануунун негизги ил. түшүнүктөрүн, прин­циптерин жалпылоо ж-а синтездөөдөн алынган системасынын сүрөттөмөсү же ил. мүнөздөмөсү. 16–17-к-да табият таануунун ил.-теор. бөлүгү ке­ңири кулач жайып, ары тереңдеп өнүккөн доор­дон тартып, дүнүйө сыпаттамасынын атайын ил.


түшүнүгү ж-а ил. термини калыптана баштайт. 20-к-дын ил. табият таануусунда дүйнөнүн физ. сыпаттамасы да мына ошондой көч башында­гы орунда турса, 21-к-дын башында Д. и. с-нын бет ачар өңүтүн маалыматтык сыпаттама ээле­ди. Д. и. с. илимге чейинки же ил. эмес (мис., динчил) сыпаттан айырмасы – ал белгилүү бир фундаменталдык ил. теорияга (же теориялар­га) негизделет. Мис., 17–19-к-дагы окумуштуу­лар дүйнөнүн физ. сыпаттамасын классикалык механика теориясынын базасында түзүшкөн. Азыркы учурдагы Д. и. с-нын өзөгүн кванттык механика, салыштырмалуулук (атайын ж-а жалпы) теориялары түзөт.