ДҮЙШАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:47, 17 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДҮЙШАЛИЕВ Камчыбек (3. 3. 1944-жылы туулган, Ысык- Көл облусу, Тоң району, Бөкөнбаев айылы) – музы­ка таануучу, искусство таануу илимдеринин доктору (1991), профессор, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмггек сиңирген ишмер (1993). Фрунзедеги М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайын (1964), Курмангазы атындагы Алматы кон­серваториясынын тарых-теория факультетин (1970) бү­түргөн. Дүйшалиев кыргыз музыкасынын теориялык негизде­рин иликтеп чыккан, музыка таануунун түрдүү жанры боюнча адис. Анын «Киргизская народная песня» (Москва, 1982), «Композиторы Киргизии» (ав­торлош, 1984), «О киргизской народной музыке» (1984), «От съезда к съезду» (1986), «Песенная куль­тура кыргызского народа» (1993), «Кыргызское народное музыкальное творчество» (Е. Лузанова менен бирге, 1999), «Кыргыз композиторлорунун вокалдык чыгармачылыгы» (2002) аттуу ки­тептери, кыргыз музыкасы жана музыканттары жөнүндөгү көптөгөн илимий макалалары жарык көргөн.

Улуттук илимдер академиясынын аспирантурасын бүтүп, 1976-жылы кандидаттык, 1991-жылы докторлук диссертацияларын коргогон. Кыргыз мамлекеттик Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда, И. Арабаев атындагы педагогикалык университетинде, Улуттук илимдер академиясында иштеген.

Окумуштуу, музыка таануучунун 1982-жылы Москвадан басылып чыккан «Киргизская народная песня» аттуу монографиясы кыргыздын элдик ырларынын обондук теориясына, интонациясына, ладдык системасына, ыргактык жана форма түзүүчүлүк структураларына обон менен тексттин өз ара байланыш өзгөчөлүктөрүнө арналса, кийинки изилдөөлөрү негизинен кыргыз элдик аваздык музыкасынын теориялык маселелерине арналган.

К. Дүйшалиев практикалык фольклористиканы нотага түшүрүү иши боюнча 100гө жакын кыргыз элдик ырларынын үлгүлөрүн:«Каныкейдин Тайторуну чабышын», кенже эпостордон «Курманбек», «Жаныш- Байыш», «Саринжи- Бөкөй», «Гүлгаакы», «Ак-Мөөр», үй-бүлө фольклорунан «Бешик ыры», аза күтүү фольклорунан «Кошокторду», үйлөнүү фольклорунан «Кыз узатууну» нотага түшүргөн. Композитор, дирижер Б. Ферерман нотага түшүргөн кесипкөй комузчулардын 30га жакын күүлөрүн басмага даярдаган