ДИСПЕРСИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:43, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Dilde (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИСПЕ́РСИЯ (лат. dispеrsio – чачыроо) 1) ф и­з и к а д а – физикалык чоңдуктун маанилеринин ча­чырашы (флуктуациясы). Мисалы, жарык дисперсиясы – нерсенин сынуу көрсөткүчү n нерсеге келип түш­көн жарыктын жыштыгына ν (толкун узунду­гуна λ) көз карандылыгы, n=f (ν) м-н туюнту­лат. Бул катышты И. Ньютон эксперимент жолу м-н аныктаган. Күндүзгү жарык призма аркы­луу өткөндө жети түстөн турган – кызыл (λ=7,5 .10–5 см) нурдан тартып, кызгылт көк (λ=3,9 . 10–5 см) нурга чейинки дисперсиялык спектрге ажыраган. 2) м а т е м а т и к а д а – математикалык стастистикада ж-а ыктымалдуулук теориясында колдонулуучу чачыроо чени (орточодон четтөө). Статистикалык түшүнүк боюнча дисперсия σ = ni=1 xi x'n 2 1 ( – )2 кайра жазуу керек? формуласы м-н аныкталат, мында х=(х1+х2+... +хn)/n ?– чоңдуктарынын квадраттарынын арифметикалык орто саны). Ыктымалдуулук теориясында кокусунан болгон чоңдуктун дисперсиясы – математи­калык күтүү деп аталат, к. Ыктымалдуулук теориясы.