ДИЭЛЕКТРДИК ӨТКӨРҮМДҮҮЛҮК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:36, 9 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИЭЛЕКТРДИК ӨТКӨРҮМДҮҮЛҮК – эки эр­кин заряддын кулондук өз ара аракеттенишүү күчү вакуумдагыга караганда чөйрөдө канча эсе аз экендигин көрсөтүүчү чондук. Диэлектрдик өткөрүмдүүлүк электр индукцияcы (D) м-н электр талаасынын чыңа­луусунун (E) байланышын көрсөтөт: D0εE, мында ε0– электрдик турактуулук. Бул теңдеме изотроптук диэлектрик үчүн гана аткарылат, себеби Диэлектрдик өткөрүмдүүлүк заттын түзүлүшүнө, химиялык курамы­на, ошондой эле басым, температура ж. б. сырткы таасир­лерге да көз каранды. Бирдиктердин СГСЭ сис­темасында дифференциалдык Диэлектрдик өткөрүмдүүлүк төмөндөгүдөй берилет: εдиф.=dD/dE, мында D – электр индук­циясы.