ДҮЙШЕЕВ Шайлообек
ДҮЙШЕЕВ Шайлообек (23. 2. 1950-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ат-Башы айылы) – акын, журналист, Кыргыз эл акыны (2005), Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармасынын

ж-а КРдин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгын ыйгаруу комитетинин мүчөсү (2005). КМУнун журналистика бөлүмүн бүтүргөн (1980). Ат-Башы районунда пионер вожатый, куруучу, жумушчу, 1980–83-жылдарда «Нарын правдасы» гезитинде кабарчы, КРдин телерадио комитетинде редактор, 1983– 91-жылдарда Кыргыз филармониясынын адабий бөлүмүнүн башчысы, 1991–93-жылдарда «Ала-Тоо» журналында бөлүм башчы, 1993-жылдан «Асаба» гезитинин башкы редакторунун биринчи орун басары, кийин «Агым», «Алас» гезиттеринде, «Жетимен» журналында иштеген, 2006-жылдан «Азаттык» радиосунун кабарчысы. Дүйшеев «Аптап» (1985), «Сүйлөшкөнгө чейинки сөз» (1989), «Кайдыгерлик» (1991), «Тайгүлүк» (1991), «Арабадагы ыр» (1999, 2001),«Шакен азган» (2004) аттуу ыр китептердин автору. «Кайдыгерлик» деген ыр жыйнагында кыргыз жеринин жаратылышынын кайталангыс сүрөттөрү, поэтикалык жан дүйнөсү, бүгүнкү күндүн проблемалары, элине болгон арман, сүйүү сезими курч сөздөр, ирониялар м-н кайра куруу, ачык айтуу учурунда турмуш чындыгынын актуалдуу маселелерин күн тартибине курч койгон. Ырларында коомдогу ж-а турмуштагы кемчиликтерди, терс көрүнүштөрдү таамай сүрөттөгөн. «Эне тилин унуткандар» деген ырында эне тилинен ажырап, маңкурт болуп калган ырдын каарманы Муратты күнөөлөбөй, тескерисинче, жалпы коомчулук, бийлик ээлери күнөөлүү экендигин ачык айтат. Дүйшеев «Жетимен» кайрымдуулук фонду тарабынан негизделген Б. Сарногоев атындагы эл аралык адабий сыйлыктын туңгуч лауреаты (2005). Медалдар м-н сыйланган.