ДИЭТИЛЕНГЛИКОЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 9 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДИЭТИЛЕНГЛИКО́ЛЬ , д и г л и к о л ь, β, β-д и о к с и д и э т и л э ф и р и, НОСН2СН2– О– –СН2СН2ОН – даамы таттуу, жыты жок, түссүз, илээшкек суюктук; кайноо t 245,8°С. Суу, жөнөкөй эфирлер, спирттер, ацетон, анилин, хлорофрм м-н бардык көлөмдө аралашат; бензолдо, то­луолдо начар эрийт. Диэтиленгликолдун химиялык касиети гли­колго ж-а жөнөкөй эфирлерге окшош. Карбон кислоталары ж-а анын ангидриддери м-н татаал моно ­ж-а диэфирлерди, альдегиддер ж-а кетон­дор м-н (катализатору фосфор кислотасы) циклдүү ацеталдарды пайда кылат. Этиленгликолду ок­сиэтилдөө, этилен окисин гидраттоо ж. б. жол­дор м-н алынат. Полиуретандарды, олигоэфир акрилаттарды ж. б. алууда, Диэтиленгликол майларга, нит­роцеллюлозаларга эриткич катары ж-а төмөнкү температурада тоңуучу суюктуктарды (антифриздер­ди) даярдоодо колдонулат.