ДИЭЛЕКТРИКТЕР
ДИЭЛЕКТРИКТЕР (гр. dia – аркылуу, англ. electric – электрлик) – электр тогун өтө начар өткөрүүчү заттар. «Диэлектриктер» терминин илимге М. Фарадей киргизген (1839). Заттарда сырткы электр булактары пайда кылган электр талаасы заряддардын багытталган кыймылын (электр тогун) же кайрадан бөлүштүрүлүшүн, же электрдик диполдун моментин пайда кылат, башкача айтканда полярланат. Полярлануу же электр өткөрүмдүүлүк касиетине карата заттар диэлектриктер (изолятор) ж-а өткөргүчтөр (металл, электролит, плазма) болуп бөлүнөт. Диэлектриктердин электр өткөрүмдүүлүгү металлга салыштырганда өтө аз. Алардын салыштырма каршылыгы (ρ) 108 – 1017 Ом . см (металлда ρ ~10–6 – 10–4 Ом.см). Физикада металл м-н диэлектриктердин айырмасы: металлда эркин электрон көп, ал эми диэлектриктердин атомдорунда электрон ядро м-н бекем байцланышкан (эркин электрон жок); электр талаасы диэлектриктердин электронун кичине жылышка мажбурлайт. Диэлектриктерге катуу, суюк, газ абалындагы заттар кирет. Кристаллдар (туздар – NaCl, KBr ж. б.) ж-а аморфтук заттар (айнек, кара чайыр ж. б.), таза суу, нитробензол диэлектриктер болушат. Газдар нейтралдык атом, молекулалардан тургандыктан, кадимки шартта электр тогун өткөрүшпөйт. Температура жогорулаганда атом, молекулалар иондошуп, газ плазмага айланат. Макроскопиялык теорияда диэлектриктер үзгүлтүксүз чөйрө катары каралат. Анын электрдик Dабалын сүрөттөө үчүн заряд тыгыздыгы ρ пайдаланылат. Диэлектриктердин электрдик абалын аныктоодо заряд тыгыздыгынан башка полярлануу вектору P колдонулат: ρ = – divP. Көпчүлүк диэлектриктердин полярлануу вектору Р ж-а электр талаасынын чыңалышы Е сызыктуу байланышта, башкача айтканда P=ε0χΕ (мында ε0 =8,85 . 10–12 Ф/м, Х(хи) - диэлектрдик кабылдоочулук). Көпчүлүк учурда диэлектриктерде D электр индукциясы колдонулат: D=ε0εE=ε0E +Р, мында ε – диэлектрдик өткөрүмдүүлүк (катыштар СИде жазылган). Диэлектриктер илим м-н техникада электр изоляция катары, ал эми диэлектрик кристаллдар (пьезоэлектрик, сегнетоэлектрик) квант электроникасында колдонулат.
Ад.: Барфут Ж., Тейлор Ж. Полярные диэлектрики и их применения /Пер. с англ. М., 1981.