ДОЗА (иондоштуруучу нурларда)
ДО́ЗА и о н д о ш т у р у у ч у н у р л а р д а – иондоштуруучу нурдун заттын масса бирдигине сиңген энергиясы. Жутулган энергия затты жылытып, анын физикалык ж-а химиялык касиеттерин өзгөртөт. Доза нурлануунун түрүнө (рентген нурлануу, нейтрондордун агымы ж. б.), бөлүкчөлөрдүн энергиясына, алардын агымынын тыгыздыгына ж-а нурду сиңирүүчү заттын курамына жараша болот. Нур канчалык көп убакыт берилсе, Доза ошончолук көбөйөт. Дозанын убакыт бирдигинде сиңирилгени Доза кубаттуулугу деп аталат. Ж у т у л г а н Доза бирдиктер системасында – грей (Гр), 1 Гр = 1 Дж/кг м-н өлчөнөт, ошондой эле системадан тышкары бирдик рад (1 рад =10–2 Гр) да колдонулат. Э к с п о з и ц и я л ы к Доза – рентген ж-а γ-нурлануунун таасиринен абанын иондошуу өлчөмү. Ал пайда болгон заряддын саны м-н өлчөнүп, бирдиктер системасында кулон/кг (Кл/кг), системадан тышкары рентген м-н белгиленет. 1 см3 абада 2,08 . 109 жуп иондуу (0°С ж-а 760 мм сым. мам.) пайда кылуучу иондоштуруучу нурлардын Дозасы рентген деп аталат. Э к в и в а л е н т т и к Доза сиңирилген Дозанын өлчөмү м-н сапат коэффициентинин көбөйтүндүсүнө барабар. Ал бэр м-н өлчөнөт. Иондоштуруучу нурлардын тирүү организмге таасир этүүчү Дозасы үстүрт, терең, диагноздоочу, дарылоочу, стерилдөөчү, өлтүрүүчү ж. б. болуп бөлүнөт. Адамдын өмүрүнүн коопсуздугу үчүн эквиваленттик Дозанын өлчөмү жылына 5 бэрден ашпоого тийиш.