ДРАВИД ТИЛДЕРИ
ДРАВИ́Д ТИЛДЕРИ көбүнчө Индияда тараган. Төмөнкүдөй топторго бөлүнөт: түштүк (тамил, малаялам, кота, тода, кодагу, каннада же каннара); түштүк-батыш (тулу); түштүк-чыгыш (телугу); борбордук (колами, найки, паржи, гадаба); гондван (гонди, конда, куи, куви, пенго, манда); түндүк-чыгыш (курух, малто); түндүк-батыш (брагуи).