ДӨБӨ-КОРГОН
ДӨБӨ-КОРГОН – 9–12-к-га таандык шаар калдыгы. Араван суусунун сол жээгинде, азыркы Дөбө-Коргон айылынын батыш тарабындагы Мазар-Дөбө шаарчасынын түш. жагында жайгашкан. Д.-К-дун түш. бөлүгү жогору көтөрүлүп турат. Археол. казуу учурунда о. кылымдарга таандык карапа идиштер табылган. Бул эстеликти 1957-ж. археолог Ю. А. Заднепровский изилдеген.