ДӨГДҮРОВ
ДӨГДҮРОВ Мухамед [1906, Пржевальский уезди, Тоң болушу, Бүркүттүн ою (азыр Ысык-Көл обл., Тоң р-ну, Бүркүт айылы) – 8. 9. 1968, Фрунзе] – журналист, котормочу, коомдук ишмер; кыргыз адабий сынын баштоочтордун бири. 1924–26-ж. Түптөгү айыл чарба техникумунда, 1928–29-ж. Тверь ш-ндагы жумушчу ф-тинде окуган. 1955-ж. КПСС БКнын алдындагы Жогорку парт. мектепти бүтүргөн. 1932–34-ж. Кыргызмамбастын ж-а «Чабуул» журналынын редактору, Кырг-н жазуучулар союзунун уюштуруу к-тинин жооптуу секретары. «Кызыл Кыргызстан» гезитинде 1934–40-ж. бөлүм башчы, редактордун орун басары, 1940–47-ж. жооптуу редактор, 1948–58-ж. Кырг-н профессионалдык союздары советинин төрагасы, 1958–61-ж. Чет өлкөлөр м-н достуктун ж-а маданий байланыштын Кырг-ндагы коомунун президиумунда,
1961–68-ж. «Коммунист» журналында редактор, 1962–68-ж. Азия ж-а Африка өлкөлөрү м-н тилектештиктин Кырг-н респ. к-тинин төрагасы болуп иштеген. Чыг-лык иши 1920-ж. башталган. Д-дун 1920-жылдардын 2-жарымында
«Акын-жазуучулар уюму жана кооз адабиятыбыз тууралуу» ж. б. сын макалалары жарыяланган. Ал 1930-жылдардын 1-жарымында макалаларында кыргыз поэзиясынын жүзүн көрсөткөн акындардын чыг-лык изденүүлөрү ж-а табылгалары м-н окурмандарды тааныштырып, 1930-жылдардын 2-жарымында проза жанрынын өнүгүшүнө байланыштуу айрым повесть, романдарга (асыресе, «Кең-Суу» романына) сын пикирлерди жарыялаган. М. Горькийдин «Эне» романын, «Менин университеттерим» повестин которгон. Бир нече публ. ж-а очерктер жыйнагынын автору. СССР Жогорку Советинин (4- шайланышынын), Кыргыз ССР Жогорку Советинин (2–3-шайланышынын) депутаты. Үч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.