ДӨРБӨЛЖҮН ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨРБӨЛЖҮН ЧОПО КЕНИ Нарын обл-нун Ак- Талаа р-нунда, Баетов кыш-нан 4 км түндүктө, Дөрбөлжүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңг. 1897–1914 м бийикте жайгашкан. 1968–69-ж. Түндүк Кыргыз геол. экспедициясы чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагын антропогендин борпоң чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон лёсс сымал кумайлуу топурактан турат. Катмардын калыңдыгы 2,5–5,7 м. Кумайлуу топурак боз, саргыч боз түстө. Гранулометриялык курамы: 0,5 ммден кесеги 0,46%, 0,5–0,1 мм – 45,86%; 0,01–0,005 мм – 11,90%, 0,005 ммден майда­сы – 41,78%. Ийилгичтиги 6,12%, суу сиңирим­дүүлүгү 18,55%. Кумайлуу топурак «125», «150» маркасындагы кыш даярдоого жарамдуу. 1996- жылга карата запасы А+В+С – 605 миң м3, С категориясы б-ча 108 миң м3.