ДӨҢ-АЛЫШ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:54, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨҢ-АЛЫШ – Нарын облусунун Кочкор районунда­гы кыштак. Талаа-Булак айыл өкмөтүнө ка­раштуу. Каракол өрөөнүнүн оозунда, Каракол суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 2500 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кочкор кыштагынан 65 км батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 120 км. Кыштак 1935-жылы отурукташкан. Калкы 1378 (2006); негизинен мал чарбасында эмгекте­нет. Орто мектеп, ФАП, клуб, китепкана бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Баатыры К. Мамбеталиев туулган.