ДӨӨЛӨС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨӨЛӨС – кыргыз уруусунун аталышы. Кыр­гыздарын ичкилик уруу бирикмесине кирет. Айрым маалыматтарда Д. уруусу кыргыздын оң, сол ж-а ичкилик уруулук бирикмелерине кир­бей, өз алдынча уруулардын бири катары да бе­рилет. Санжыраларда бул уруунун пайда болу­шу ж-дө атайын генеал. уламыштар сакталган эмес. Тарых булактарында Д-түн байыркы уруу-

лук бирикмелерден түзүлгөндүгүн көргөзгөн фак­тылар кездешет. Азыркы кыргыз урууларынын курамында бул уруу о. кылымдардан бери эле этностук компонент катары жашап келгенди­гин 16-к-да жазылган «Мажму ат-таварих» чы­гармасындагы кыргыз урууларынын санжыра­сында берилгендиги ырастайт. Изилдөөчүлөрдүн пикиринде Д. уруулук теги о. кылымдагы түрк­төрдүн «теле» уруусунун конфедерациясы м-н байланышат ж-а алардын алтайлык уруулар­дын тобу м-н жакындыгы бар. Д. уруусунун ку­рамына кирген уруктар «ай тамга» ж-а «кош тамга» деген эки топко ажырашат. «Ай тамга­ны» – шалендер, дукун, буйга, толуман (чулум кашка), ак эчки, ж. б., ал эми «кош тамга» тобун шарон, керей, мүркүт, меркит, бөлтүрүк, качканак атанган уруктар түзөт. Көрүнүп тур­гандай, өткөн тарыхый мезгилдерде Д. башка уруу топтору м-н аралашып турушкан. Мис., керей (кереит), меркит, мүркүт (бүркүт) сыяк­туу уруктар о. кылымдарда Борб. Азиядагы сая­сий аренада белгилүү орундарды ээлешкен түрк-моңгол тилдүү көчмөн этностордун аты м-н аталып, алардын өз ара этностук катышы болгонун далилдеп турат. Д-дүн басымдуу көпчүлүгү Түш. Кырг-ндагы Араван, Кадамжай, Ноокат р-ндоруна караштуу аймактарда туру­шат. Ал эми бул уруунун майда топтору На­рын, Ысык-Көл, Чүй обл-нда ж-а Кытай м-н Өзбекстандагы кыргыздар арасынан да жолугат. Р. Жолдошов.