ГРЕНЛАНД ДЕӉИЗИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРЕНЛА́НД ДЕӉИЗИ – Түндүк Муз океандагы четки деӊиз. Гренландия, Исландия, Ян-Майен, Аюулуу ж-а Шпицберген а-нын аралыгында. Аянты 1195 миӊ км2. Эӊ тереӊ жери 5527 м. Суунун темп-расы жайында 0°Сден (түн.-батышында) 6°Сге (түштүгүндө) чейин, кышында 1–2°Сден –1°Сге чейин. Тузд. 32,0–34,0%. Суткасына эки жолу ташкындайт (4,4 мге чейин). Гренландия түлөнү, балык (треска, кампус, мойва) кармалат. Башкы порттору: Лонгьир ж-а Баренцбург (Шпицберген а.), Акюрейри (Исландия а.).