ЕВРЕЙ ЖАЗУУСУ
ЕВРЕ́Й ЖАЗУУСУ – иврит, идиш, ладино ж. б. тилдерде сүйлөөчү байыркы ж-а азыркы еврейлердин жазуусу. Эӊ байыркы Е. ж. (Гезер календары) б. з. ч. 10-к-да ханааней алфавитинде (финикий алфавитине жакын) түзүлгөн. Б. з. ч. 5-к-дын ортосунан баштап арамей алфавитине өтө баштаган. Бул алфавит бир аз өзгөрүүлөр м-н азыр да колдонулат. О. кылымда чарчы жазуусу пайда болгон. Аларда үнсүз тыбыштарды белгилеген 22 тамга бар. Үндүүлөр белгиленген эмес. Кийинчерээк үнсүз тамгалар – «h», «w», «i» кээ бир үндүүлөрдү туюнткан. Ал эми 7–8- к-да үндүүлөр үчүн атайын диакритика белгилери киргизилип, алар Тооратта (Библияда), поэтикалык тексттерде, окуу китептеринде ж. б. колдонулган. Жазуу оӊдон солго карай жазылат.
Ад.: Дирингер Д. Алфавит / Пер. с англ. М., 1963.