ЕВТУШЕНКО Евгений Александрович
ЕВТУШЕ́НКО Евгений Александрович [18. 7. 1933-ж. т., Россия, Иркутск обл., Зима станциясы (азыр шаар)] – орус акыны, жазуучусу. 1951– 54-ж. Москвадагы Адабият ин-тунда окуган. Чыгармалары 1949-жылдан жарыялана баштаган. «Болочок чалгынчылар» аттуу туӊгуч ырлар жыйнагы 1952-ж. жарык көргөн.

«Үчүнчү кар» (1955), «Убада» (1957), «Ар жылдагы ырлар» (1959), «Энтузиасттар шоссеси» (1956), «Махабат лирикасы» (1973), «Менин энем жана нейтрон бомбасы» (1982; СССР мамл. сыйл., 1984), «Граждандар мени уккула...» (1989), «XXI кылымдын ырлары» (2006) ж. б. 40тан ашуун ыр жыйнагы бар. Анын лирикаларында адамгерчилик ж-а эл аралык, саясий маселелер козголот. «Ардабиола» (1981) фантастикалык повести, «Жемиш жери» (1981), «Менден мурда өлбө» (1994) ж. б. романдары, мемуарлары, аӊгемелери ж. б. бар. Анын сценарийи б-ча «Бала бакча» (1984), «Сталинди акыркы сапарга узатуу» (1990) аттуу фильмдер тартылган. Чыгармалары чет тилдерге, бир катар ырлары, поэмалары Ж. Султаналиев, Р. Рыскулов, Б. Карагулов, Т. Арыков тарабынан кыргыз тилине которулган.
Чыг.: Собр. соч.: В 8 т. М., 1997–2004.– Т. 1–3, 7.