ЕДИГЕЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:50, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕДИГЕ́Й , И д и г у (1352, кээ бир даректерде 1360–1419/23) – маӊгыт уруусунан чыккан Ак Ордо эмирлеринин бири. «Мунтахаб ат-тауари­хи Муиниди» деген эмгекте Токтомуш хандын колунан каза болгон Балтычак Е-дин атасы экени айтылат. 1396-жылдан Едил (Волга), Жа­йык (Урал) суулары аралыгында өз алдынча бий­лик жүргүзүүгө жетишкен. Е. негиз салган Но­гой Ордосу анын уулу Нураддиндин (1426–40-ж. башкарган) тушунда толук калыптанган. Кут­лук-Темир м-н бирге Токтомуш ханга кар­шы согуш жүргүзүп, ал өлгөндөн кийин (1399) иш жүзүндө Алтын Ордодогу бийликти өз ко­луна алып, мурдагы Жучу улусуна караган ай­макты акыркы жолу бириктирген Е. болгон. 1406-ж. Батыш Сибирде Токтомушту өлтүрүп, 1407-ж. Булгар хандыгына жүрүш уюштурган. Алтын Ордого кайрадан салык төлөтүү үчүн орустарга аттанып барып (1408), Серпухов, Дмитров, Ростов ж. б. ш-ларды талкалап, Моск­ваны курчоого алган, бирок багындыра албай кайткан. Алтын Ордодо башталган так талашуу­лардын натыйжасында 1410–12-ж. Хорезмге ка­чууга аргасыз болгон. Бирок ал жактагы Герат ханы Шахрук тарабынан куулуп чыгып (1414), Сарайчук ш-на жакын жерде Токтомуштун уул­дары колдуу өлгөн. Түрк тилинде сүйлөгөн элдер (ногой, башкыр, татар, кара калпак) айткан «Едигей» эпосунун башкы каарманы. Кыргыз фольклорунда да көп кезигет.

Ад.: Жирмунский В. М. Тюркский георический эпос. Избр. труды. Л., 1974; Трепавлов В. В. История Но­гайской Орды. М., 2001; Селезнев Ю. В. Политик и полководец Золотой Орды Эмир Идигу (Едигей). Во­ронеж, 2001.