ЕВРОДОЛЛАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРОДО́ЛЛАР (англ. Eurodollars) – 1) еврова­лютанын бир түрү; 2) АКШнын чегинен тыш­кары чет өлкөлүк банктарда ж-а америка банк­тарынын филиалдарында ар түрдүү өлкөлөрдүн уюмдары ж-а жеке адамдар тарабынан депонир­ленген АКШ долларындагы убактылуу бош акча 12* каражаты; 3) Е. – бул жаӊы накта акча эмес‚ америка долларындагы банк эсептери; 4) Е. ры­ногу эл аралык валюта системасынын курам­дык элементи. Е. рыногу 1950-жылдардын ба­шында пайда болгон‚ азыркы учурда Европа­дан алыс тараган.