ЕНИСЕЙ КЫРГЫЗДАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕНИСЕ́Й КЫРГЫЗДАРЫ 6–18-к-да Енисей д-нын куймаларынын өрөөндөрүн, Минуса ой­дуӊун, Тувадан Красноярск ш-на чейинки ай­мактарды мекендеген. Е. к. деп орхон-енисейде­ги түрк эстеликтеринде (к. Күлтегин), кытай династияларынын (Тан, 618–907; Сун, 960–1279) тарыхында ж-а 10–13-к-дагы фарси-араб жаз­маларындагы («Худуд ал-алам», Гардизи ж. б.) маалыматтарга байланыштуу айтылып калган. У. к. б. з. ч. 3–1-к-дагы кытай булактарында эскерилет. Алардын алгачкы мекени Чыгыш Те- ӊир-Тоонун түш. тарабы же Чыгыш Түркстан аймагы болгон деген ил. пикирлер бар (мис., Л. А. Боровкова, Ю. С. Худяков). Бул мезгил­дерде (552) Е. к. өз алдынча мамлекет түзүүгө жетишип, кээ бир учурларда Кытай империясы же Түрк кагандыгы м-н теӊтайлашып турган (к. Кыргыздар). 682-ж. Чыгыш Түрк кагандыгы экинчи жолу калыбына келгенде аларга кар­шы кыргыздар башында турган үчтүктөр бирик­меси түзүлгөн (кыргыздар, түргөштөр, Тан ди­настиясы). Түрк каганы Капаган (кытайча Моч­жо) Барсбекти кыргыздардын каганы деп таа­нып, ага Кутлуг кагандын кызын алып берүүгө мажбур болгон. Кыргыз кагандыгынын саясий жактан жогорулашы Түрк мамлекети үчүн өтө кооптуу болорун түшүнгөн Билге каган (Моги-

Енисейлик кыргыз ак сөөк жоокердин көрүстөнүнөн табылган шарап куюлуучу алтын кумура.

лян) 709-ж. адегенде кыргыздардын союздашы аз ж-а чик уруктарын кыйратып, 710–11-жыл­дын кыш айында түрк аскер башчылары Тоӊй­укук, Күлтегиндер м-н бирге кыргыздардын өзүнө капысынан кол салган. Сунга чер токо­юндагы согушта Барсбек өлүп, түрктөрдөн же- ӊилгенине карабай, Е. к. өз алдынчалыгын сак­тап калышкан (732-ж. Күлтегин өлгөндө кыр­гыз каганынын атынан Чур Тардуш Инанчу келген). Бирок, бул согуштан алсыраган кыр­гыздар Чыгыш Түрк кагандыгы кулаганга чей­ин (745) Борб. Азиядагы саясий иштерге каты­ша алган эмес. Экинчи Түрк мамлекетинин ку­лашы м-н Моюн-чур (Байан-чор) башында тур­ган Уйгур кагандыгы күч алып, кошуна элдерге коркунуч келтире баштаган. 751-ж. уйгур кага­нынын экспанциясына каршы кыргыз, чик, огуз, карлуктар биригишип, катуу каршылык көрсөтүшкөн. 758-жылдан кийин уйгурлар кыр­гыздарды катуу талкалады деген кабар бар. Бул

Байыркы кыргыз маданиятына тиешелүү буюмдар. Минусинск музейи. Хакасия.

ушул жылдан баштап кыргыз элчилеринин Кы­тайга каттабай калышы м-н түшүндүрүлөт. Ошондой болсо дагы кыргыз каганы уйгурлар­дан өз алдынча наам алып (кытайча Пицьсйе Тунгйе Гинь), толук көз каранды болушкан эмес. 795-ж. Уйгур кагандыгында бийлик алмашуу­суна байланыштуу кыргыздар көтөрүлүшкө чыгып, бирок жаӊы шайланган уйгур каганы Кутлуг (эдиз уругунан) тарабынан жеӊилүүгө учурашкан. Кыргыз каганы каган наамынан убактылуу ажырап, ажо аталып калган. Уйгур кагандыгындагы 820-жылдарда башталган тереӊ саясий-экон. кризиске байланыштуу кыр­гыздар м-н уйгурлардын ортосунда 20 жылга созулган согуш жүргөн. 840-ж. уйгурлардын ас­кер башчысы Гюй-лу Мохэнин кыргыздарга өтүшү м-н 100 миӊ кыргыз аскери уйгурлардын борбору Ордо-Балыкты басып алып, аны кый­раткан. Катуу кыргынга учураган уйгурлар туш тарапка чачырап кетишет. Мындан кийин Борб. Азиянын көпчүлүк аймактарында «улуу кыр­гыз мамлекетинин» доору өкүм сүрүп, кыргыз мамлекетинин согуш өнөрүнүн ж-а мад-тынын өнүгүшү м-н коштолгон. Кыргыз мад-тына ти-


Байыркы кыргыз көрүстөнүнүн көрүнүшү (макет). Минусинск музейи. Хакасия.

йиштүү эстеликтер Минуса ойдуӊунан тышка­ры бүткүл Борб. Азиянын талааларына кеӊири таралган. Бирок, бул мезгил анча узакка созул­ган эмес. 924-ж. кара кытайлардын кысымына байланыштуу кыргыздар Моӊголиядан сүрүлүп, бир бөлүгү Енисейге көчкөн. Буга карабай кыр­гыздар өздөрүнүн күч-кубатын сактап калыш­кан. Жувейни б-ча кара кытайлар 1121–24-ж. кыргыздарды каратууга аракет жасап, бирок катуу сокку жеп, Эмилге чегинүүгө аргасыз болушкан. 13-к-дын башында Е. к. моӊголдор­го көз каранды абалда болуп, 1218-ж. башка уруулар (тумат, байлук) м-н бирдикте аларга кар­шы күрөшкө чыккан, бирок күчтөрүнүн алсыз­дыгына байланыштуу Жучуга багынып беришкен. 1254-ж. моӊголдордун бийлигин кулатууга ара­кет жасашканда, Муӊке хан аларга каршы 20 000 киши аскер аттандырган. Хубилайдын тушунда гана моӊголдорго толук баш ийип (1270), алар­дын үстүнөн кароого Люхаоли деген кытай ада­мы дайындалган.

Ад.: Абрамзон С. М. Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. Б., 1999; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы. Б., 2001; Бартольд В. В. Избранные труды по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 1996; Бернштам А. Н. Избранные труды по археологии и истории кыргызов и Кыргыз­стана. Б., 1998. Т. 2; Восточные авторы о кыргызах. Б., 1994; Караев Ө. К вопросу о передвижении кир­гизов на Тянь-Шань и ассимляции ими местных племён в XIII–XV вв. // Советская этнография. 1966, ¹ 4; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Т. 1, 2. Б., 2002. Т. Асанов, Э. Турганбаев.