ЕФРЕЙТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:35, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕФРЕ́ЙТОР (нем. Gefreiter – бошотулган) – бө­лүмдүн командири жок мезгилде анын милдетин аткаруучу алдыӊкы жоокерге берилүүчү аскер наамы. Е. наамы 17-к-дын башында Германия­да пайда болгон. Орус армиясына Пётр Iнин аскердик уставы б-ча 1716-ж. киргизилген. Сов. Армияда Е-дук наам 1940-жылдын ноябрынан аскердик ж-а саясий даярдыгы мыкты катар­дагы жоокерлерге бериле баштаган. Бул наам КРдин куралдуу күчтөрүндө да бар.