ЕГИПЕТ ЖАЗУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 21 Апрель (Чын куран) 2025 карата Батма (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕГИ́ПЕТ ЖАЗУУСУ – дүйнөдөгү эӊ байыркы жазуу системаларынын бири. Ал иероглиф, иератика ж-а демотика жазууларына бөлүнөт. Булардын негизгиси ж-а байыркысы – иерог­лиф. Адам, айбанат, өсүмдүк, имарат ж. б. сүрөт­төрүнүн негизинде түзүлгөн. Иероглифтер үнсүз тыбыштарды, о. эле 2–3 үнсүз тыбыштын айка­лышын билдирген (үндүүлөр белгиленген эмес) фонограммалардан ж-а өзүнчө сөз же түшүнүктү туюндурган идеограммалардан турат. Мындагы тексттердин байыркылары Биздин заманга чейинки 3–2-кылымдарга, ки­йинкилери биздин замандын 3-кылымдарына таандык. Иероглиф жазуу­сунан көп кылымдар бою папируска түрдүү маа­нидеги тексттерди жазууда колдонулган курсив жазуусу – иератика чыккан. Биздин заманга чейинки 8–7-кылымдарда жаӊы курсив – демотика пайда болгон. Демотика иера­тикадан курсивдүү келип, лигатурасынын (бир эле тамганын бир нече тыбышты туюнтушу) көп болгондугу менен айырмаланган. Акыркы демо­тикалык биздин замандын биздин замандын 5-кылымдарына таандык.

Ад.: Петровский Н. С. Звуковые знаки египетского письма как система. М., 1978.