ГРИЗАЙЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:02, 22 Март (Жалган куран) 2024 карата vol2_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРИЗА́ЙЛЬ (фр. grisaille, gris – боз) – 1) адатта жасалгалык багыттагы, боз түстөгү монохромдук живопись. Дубалда оймолоп жазуу же панно түрүндөгү Г. көбүнчө тегиздик рельефти элестетет. Станок живописинде Г. техникасы кошумча иштерде: эскизде же нерсеге бир аз түс берүүдө колдонулат. Мындай учурда живописчилер ар кандай түстөгү бир түрдүү живописти Г. деп аташат; 2) Кайра жаралуу доорунда Франциянын Лимож ш-ндагы оймолоп жазылган эмалдар.