ДОМИНАНТТУУЛУК
ДОМИНАНТТУУЛУК – гетерозиготалуу особдун белгилерин аныктоодо гендин бир аллели экинчи аллелдин катышуусун чыгарбай басымдуулук кылуусу. «Доминанттуулук» терминин Г. Мендель киргизген. Ал түрдүү белгиси бар буурчактарды аргындаштыруудан Доминанттуулукту аныктаган. Мисалы, сары ж-а жашыл уруктуу буурчактарды аргындаштырганда 1-муундун (F) уруктары сары болуп калат да, жашыл уруктарга үстөмдүк кылат, башкача айтканда жашыл урук көмүскөдө калат. Үстөмдүк кылганы доминаттык (А), көмүскөдө калганы рецессиялык (а) аллель деп аталат, к. Мендель закондору.