ЕГЕМБЕРДИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕГЕМБЕРДИЕВ Жумакадыр (3. 5. 1929-ж. т., Нарын обл., Кочкор р-ну, Дөӊ-Алыш айылы) – журналист, кыргыз телерадио берүүлөрүнүн баш­тоочторунун бири, радио драматург, жазуучу, Кыргыз ССРинин мад-тына эмг. сиӊ. ишмер (1974), СССР телерадиосунун отличниги (1981). Фрунзедеги пед. ин-тту бүтүргөн (1952). Эмгек жолун СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Тил ж-а адабият ин-тунда иштөөдөн баштаган (1952–54). Е. элдик оозеки чыг-лыктын бай үлгүлөрүн жыйнаган. 1954–96-ж. Кыргыз ССРи­нин Мамл. телерадио к-тинде редактор, башкы редактор болгон. «Кутмандуу болсун күнүӊөр», «Ыр канатында», «Бетке айткандын заары жок», «Шибеге», «Биздин радиокитепкана», «Театр микрофондо» циклдик берүүлөрдү не- 13–133


гиздеген (1955–56). Муса, Атай, Карамолдо, Аб­дылас ж. б-дын концерттик программаларын, С. Каралаевдин варианты б-ча «Манас» эпосу­нан 20 сааттык үзүндүнү, А. Токомбаев, Т. Сы­дыкбеков ж. б. жазуучулардын эскерүү маекте­рин, о. эле 40ка жакын радио коюуларды жаз­дырып, алтын казынага калтырды. Е.– кыр­гыз радио драматургия жанрын негиздөөчү­лөрдүн бири. Кыргыз радиосунун тарыхы ж-дөгү «Ободогу жаӊырык» аттуу китеби жарык көргөн (1991). «Эмгек учкуну» (1977), «Мезгил чыйы­ры» (1979) очерк-публ. жыйнактардын, «Тагдыр кайрыктары» (2001), даректүү «Акактыктын шейити» (2008) повесттеринин, «Канат кан» та­рыхый романынын (2006) автору. И. Стаднюк («Согуш» романын, 4 том), Степан Сарыг Оол («Са­ры уул баяны», 2 китеп), К. Симонян, Н. Мак­рушенко, А. Алексиндин чыгармаларын кыр­гыз тилине которгон. Даӊк медалы м-н сыйлан­ган (2001).