ЕРКИМБАЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕРКИМБАЕВА Офелия (1. 10. 1937-ж. т.‚ Фрун­зе) – театр режиссёру‚ драматург‚ КРдин мад­тына эмг. сиӊ. ишмер (2003)‚ КРдин эл арт. (2008). Ленинграддагы А. Я. Ваганова атн. хо­реогр. окуу жайында окуган

(1947–53). 1954–55-ж. Кыр­гыз опера ж-а балет теат­рында балет артисти. 1957-ж. М. Күрөӊкөев атн. муз. окуу жайын, 1962-ж. ГИТИCтин актёрлук ф-тин бүтүрүп‚ Кыргыз телекөрсөтүүсүндө режиссёрдун ассистенти‚ 1962–66-ж. Нарын муз.-дра­ма театрында артист. 1970- ж. ГИТИCтин режиссёрдук ф-тин бүтүрүп‚ Кыргыз мамл. драма театрында артист‚ режиссёр-коюучу болгон. Театрда Г. Фи­гейредонун «Эзоп»‚ А. Островскийдин «Күнөө­сүз күнөөлүүлөр»‚ Н. Гоголдун «Үйлөнүү»‚ Т. Аб­дымомуновдун «Малика»‚ К. Эшмамбетовдун «Эгиздер»‚ Лопе де Веганын «Бий мугалими» ж. б.‚ Н. К. Крупская атн. Орус драма теат­рында У. Шекспирдин «Азоого чалма»‚ «Король Лир»‚ К. Эшмамбетовдун «Cарынжи» ж. б.‚

Г. Фигейредонун «Эзоп» спектаклинен көрүнүш. Реж. О. Еркимбаева, 1971.

М. Жангазиев атн. Куурчак театрында Г. Х. Ан­дерсендин жомогу б-ча «Булбул» спектаклин‚ о. эле Башкыр акад. драма театрында‚ Тува мамл. муз.-драма театрында‚ «Кыргызтеле­фильмде» бир катар спектаклдерди койгон. Е. – «Жазылбаган барактар»‚ «Биздин үй-бүлө»‚ «Таштанды бала»‚ «Эмигранттар»‚ «Тагдыр» ж. б. пьесалардын автору. Орус классиктеринин бир катар чыгармаларын которгон. 2002-жыл­дан А. Малдыбаев атн. Кыргыз улуттук опера ж-а балет театрынын режиссёру.