ЕВРОПА БИРИМДИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:44, 19 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРО́ПА БИРИМДИГИ (ЕБ) – батыш европ. 12 мамлекеттин бирикмеси, эл аралык үч уюмдан: Европа экономика биримдиги (ЕЭБ), (ЕЭК)‚ Ев­ропа атом энергиясы б-ча биримдиги (Евратом)‚ Европа көмүр ж-а болот биримдигинен (ЕКББ) пайда болгон. 1967-жылдан жалпы жетекчи ор­гандары ж-а жалпы бюджети болгон. 60-жыл­дардын аягында бажы союзу түзүлгөн: 1) бажы салыгы ж-а өз ара соодада сандык чектөө алып салынган; 2) үчүнчү өлкөлөргө карата бирдик­түү бажы тарифи киргизилген; 3) бирдиктүү тышкы соода саясаты ишке ашырылган; 4) Ев­ропа валюта системасы иштеген; 5) артта кал­ган ж-а өндүрүшү иштебеген райондорду өнүк­түрүү б-ча биргелешкен региондук саясат жүргү­зүлгөн; 6) биргелешкен ил.-тех. программаны ат­карган. 1993-ж. Е. б. базасында Европа союзу уюшулган.