ЕВРОПА СОВЕТИ
ЕВРО́ПА СОВЕТИ – Европа Союзунун (ЕС) жетекчилигинин жогорку саясий органы. Е. с-нин Уставы 1949-ж. түзүлгөн. Совет ЕСтин өнүгүү программасын ж-а стратегиясын аныктап, маанилүү чечимдерди кабыл алат. Е. с-не мамлекет же өкмөт башчылары, о. эле Европа комиссиясынын төрагасы кирет. Е. с-нин иштерине тышкы иштер министрлери да катышат. ЕСтин органы катары Е. с. расмий түрдө 1986-ж. билдирилген. Е. с-н төрагалык кылуучу мамлекеттин башчысы жетектейт (бир мамлекет 6 айлык мөөнөткө төрагалык кылат). Конф-ялар, отурумдар, жолугушуулар ошол мамлекеттин аймагында өткөрүлөт. Европа парламентинин заседаниесинде Е. с-нин иш программасын белгилейт. Жалпы эреже б-ча Е. с-нин чечимдери консенсус аркылуу кабыл алынат. Е. с. кабыл алган чечимдер – бул саясий директивалар. Алардын негизинде ЕСтин ин-ттары тийиштүү укуктук чечимдерди кабыл алат. Мис., бирдиктүү европ. валютаны киргизүү маселеси адегенде Е. с-нин отурумдарында кеӊири талкууланган. Кабыл алынган чечим ж-дө маалымат ар бир сессия бүткөндөн кийин коммюнике түрүндө билдирилет.