ЕВРОПИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:50, 23 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЕВРО́ПИЙ (лат. Europium), Eu – элементтер­дин мезгилдик системасынын III тобунан орун алган химиялык элемент. Катар номери 63, атмосфералык массасы 151,96. Массалык сандары 138Eu – 160Eu болгон 23 изотобу белгилүү. Жер кыртышында массасы б-ча 1,2 · 10–4%. Лантаноиддерге кирет. 1886-жылы француздук химик Е. Демарсе Европийди минералынын курамы­нан оксид түрүндө тапкан. 1937-жылы гана таза ме­талл түрүндө алынган. Күмүш түстүү ак металл; эрүү t – 826°С; кайноо t – 1439°С; бирикмелеринде +2 ж-а +3 окистенүү даражаларын көрсөтөт. Абада тез окистенет, бөлмө температурасында HCl, HNO3, H2SO4, галогендер ж-а суу м-н кошулат. Атомдук реактордон алынган радиоактивдүү Европийдин үч оксидин лантан м-н калыбына кел­тирип, андан кийин вакуумда дистилляция жолу м-н алынат. Рак оорусунун кээ бир түрүн дарылоо үчүн медицинада, нейтрондорду жутуучу катары ядролук реакторлордо, активатор ката­ры телеэкранда кызыл түстү алууда колдонулат.


к ыл у у ; эк он. ж-а соци алдык прогресс к е көмөктөшүү; Европанын дүйнөдөгү ролун бе­кемдөө. 1999-жылдан ЕСтин 12 өлкөсүндө бир­диктүү валюта – еврону пайдалануу (еврозонага өтүү) киргизилген. ЕСтин көпчүлүк мүчөлөрү бир­диктүү виза эрежелерин камтыган Шенген зо­насына киришет. Расмий тилдери: англис, грек, испан, италян, немис, нидерланд, португал, финн, фламанд, француз, швед тилдери. ЕСтин желеги (1986) ж-а гимни (Людвиг ван Бетхо­вендин «Кубаныч одасы») кабыл алынган. ЕС-тин жогорку саясий жетекчи органы – Европа совети; ин-ттары Европа парламенти, ЕСтин совети, Европа комиссиясы, Европа соту, Европа борб. банкы. ЕСтин расмий борбору жок, анын ин-ттарынын көпчүлүгү Люксембург, Страсбург, Франкфурт-на-Майне ш-нда жайгашкан. Н. Момошева.