ЕВТУШЕНКО Гавриил Алексеевич
ЕВТУШЕ́НКО Гавриил Алексеевич (7. 4. 1904, Украина, Чернигов облусу – 23. 4. 1971, Фрунзе) – физиолог, Кыргыз ССР ИАнын корреспондент-мүчөсү (1954), биология илимдеринин доктору (1946), профессор (1959).

Киев айыл чарба интун бүтүргөн (1929). 1932– 41-жылдарда Краснодар тамеки өнөр жай илим-изилдөө институтунун физиология бөлүмүнүн башчысы, 1952–58-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын ботаника институтунун директору, 1958-жылдан биохимия ж-а физиология институтунда өсүмдүктөрдүн физиологиясы ж-а биохимиясы лабораториясынын башчысы, 1968–71-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын биохимия ж-а физиология институтунун директорунун орун басары ж-а КМУнун физиология кафедрасынын башчысы. 60ка жакын илимий эмгектин автору. Өсүмдүк физиологиясы боюнча адис. Эмгектери негизинен тамекинин, кант кызылчасынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуунун физиологиялык негиздерине арналган. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.
Эмг.: Причины снижения сахаристости сахарной свёклы в Киргизии, Ф., 1961; Агробиологические особенности кукурузы в Прииссыккулье (в соавторстве). Ф., 1961.