ЖААН-ЧАЧЫН
ЖААН-ЧАЧЫН , ж а а н – жамгыр, кар ж. б. түрүндө жер бетине түшүүчү атм. суу. Ал булуттан ж-а нымдуу абадан пайда болот. Булуттан жамгыр, ак жаан, нөшөр, өткүн, шыбыргак, мөндүр, кар түрүндө жаайт. Абадан ным, кыроо, бубак, шүүдүрүм түрүндө бөлүнүп чыгат. Ж.-чдын өлчөмү, жер бетине түшкөн суу кабатынын калыңдыгы мм м-н өлчөнөт. Ж.-ч-дын Жер шарындагы жылдык орт. өлчөмү 1000 мм (б. а. 500 миң км3 суу). Ж.-ч-дын өлчөмү дүйнө жүзүндө бирдей эмес. Эң көп Ж.-ч. жааган жер Гавайи а-нын биринде (жылына орто эсеп м-н 12500 мм), ал эми Перу м-н Чилинин чөлдөрүндө, Сахарада бир нече жылдар бою тамчы тамбай калышы да мүмкүн. Кырг-ндагы эң жаанчыл жер Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталы, анда жылына 1600 ммге чейин Ж.-ч. түшөт. Ысык-Көлдүн батышы эң кургакчыл, анда 110 ммдей. Ж.-ч. – аба ырайы м-н климаттын негизги элементи. А. ч-нда мааниси чоң.