ГРОДНО

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:27, 23 Март (Жалган куран) 2024 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ГРО́ДНО – Беларуссиядагы шаар. Гродно обл-нун адм. борбору. Неман д-нын боюнда. Калкы 957,0 миӊ (2020). 17-к-да Улуу Литва княздыгындагында чоӊдугу б-ча 2-шаар болгон. Темир жол тоому ж-а пристань. 1128-жылдан белгилүү. 1376-жылдан Литва ж-а Польшанын, 1795-жылдан Россия империясынын, 1920–39-ж. Польшанын курамында болгон. Хим. («Жасалма була», «Азот» өнөр жай бирикмелери, лак, сыр ж. б.), машина куруу, металл иштетүү, жеӊил (текстиль, булгаары-бут кийим ж. б.), кантты кайрадан иштетүүчү, курулуш материалдар, жыгаччылык, үй куруу өнөр жай ишканалары иштейт. Үч ЖОЖ (а. и. ун-т), 3 музей (тарых, археол.), музей-корук, 2 театр (а. и. орус драма) бар. Арх-ра эстеликтери: Борисглебск чиркөөсү (12-к.), Эски (16-к-дын аягы) ж-а Жаӊы капка (18-к.) ж-а иезуит костёлу (17–18-к.) ж. б.