ЖАЗГАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗГАК – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нун­дагы кыштак. Момбеков атн. айыл округуна ка­раштуу. Бишкек – Ош автомобиль жолунун бо­юнда, деңиз деңг. 620 м бийиктикте жайгаш­кан. Райондун борбору Масы кыш-нан 23 км батыш тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 55 км. Кыштак 1963-ж. негизделген. Калкы 1229 (2007); негизинен талаачылыкта эмгектенет. Негизги мектеп, ФАП, тегирмен бар.