ЖАЗЫ ТАСМА КУРТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЗЫ ТАСМА КУРТ (Diphillobotrlum latum) – тасма мите курт. Жыныстык жетилген курт­тун (стробила) уз. 7–10 м, кээ бирөөлөрү 20 мге чейин жетет, 3–4 миң муунактан турат. Баш бөлүгү ичке келип, эки жагында жылгачалары (ботриялар) бар. Ар бир муунагында бирден гер­мофродиттүү жыныс комплекси болот. Жырт­кыч сүт эмүүчүлөр (мышык сымалдар, түлкүлөр, ит сымалдар ж. б.) м-н кишинин митеси. Акыр­кы ээси – киши, 2 аралык ээси – циклоп ж-а жырткыч балыктар. Акыркы ээсинин заңы м-н жумурткага толгон жетилген муунакчалар тыш­кы чөйрөгө түшөт. Жумуртка суу чөйрөдө кир­пикчелүү корацидийге – алгачкы личинкага айланат. Кийинки этап эки аралык эсин алмаш­тыруу м-н өтөт. Биринчи аралык ээси – циклоп

Жазы тасма курттун жашоо циклинин схемасы: 1 – акыркы ээси (киши); 2 – сырткы чөйрөгө чыккан жумурткасы; 3 – корацидийдин чыгышы; 4 – эркин сүзүп жүргөн корацидий; 5 – биринчи аралык ээси (малгун); 6 – экинчи аралык ээси (балык).

же калак буттуу ракчалар корацидийди жутуп алат. Анын денесинде процеркоиддер өөрчүйт. Кийинки аралык ээси жырткыч балыктар (чор­тон балык, налим, алабуга ж. б.) биринчи ара­лык ээсин жегенден кийин, алардын булчуңда­рында ж-а ички органдарында уз. 5–10 мм – плероцеркоиддер өөрчүйт. Киши чала бышырыл­ган, чала куурулган, чала туздалган, кээ бир учурда чийки, тоңдурулган балык жегенде жу­гат, плероцеркоидден жыныстык жактан же­тилген Ж. т. к. пайда болот. Кишиде дифилло­ботриоз оорусун пайда кылат, аны дарылабаса өлүмгө алып келүүсү мүмкүн.