ГРОЗДЬ
ГРОЗДЬ – Чүй обл-нун Аламүдүн р-нундагы кыштак. Гроздь айыл округуна караштуу. Аламүдүн суусунун боюнда, деӊиз деӊг. 619 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борб. Лебединовка кыш-нан 25 км түн.-батыш тарапта, Аламүдүн темир жол бекетинен 27 км. Кыштак 1933-ж. негизделген. Калкы 1807 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки мектеп, клуб, китепкана, ФАП, ашкана бар.