ЖАЙЫЛ
ЖАЙЫЛ – Чүй обл-нун Жайыл р-нундагы кыштак. Жайыл айыл округуна караштуу. Бишкек – Ташкент автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 770 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору – Кара-Балта ш-нан ж-а т. ж. бекетинен 14 км. Кыштак 1930-ж. негизделген. Калкы 1303 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, 2 китепкана, амбулатория, ФАП бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры М. Э. Скворцова туулган.