ЖАКИШЕВ
ЖАКИШЕВ Өмүркул (1909, Чүй обл., Кант р-ну, Үч-Эмчек айылы – 1979, Фрунзе) – адабиятчы, сынчы, кыргыз профессионал ад-тын баштоочулардын бири, «Манас» изилдөөчү ж-а түзүүчү. Фрунзедеги жатак мектепте, педтехникумда (1925–29), кийин САКУда, 1931–34-ж. Москвадагы басма ин-тунда окуган. 1931–36-ж. «Кыргызмамбаста» көркөм ад-т б-ча редактор, 1936–37-ж. Кырг-н жазуучулар союзунун жооптуу секретары, 1940–46-ж. Кыргыз ССР Министрлер Советинин алдындагы иск-во б-ча башкармалыктын начальниги, «Кыргызмамбастын» директору (1946–47), Кыргыз ТАГдын башкы редактору (1947–58), Кыргыз ССР ИАнын «Манас» секторунун (1958–64) башчысы болуп иштеген, 1930-жылдан кыргыз ад-тына тийиштүү бир катар рецензия, баяндама, макалаларды жазган, «Манас» эпосун изилдеп, эпостун көркөм чен-кудуретин, кыргыз ж-а дүйнөлүк оозеки ад-ттагы ордун, беделин белгилеген. 1946-ж. Москвадан чыккан «Манас» эпосунун бир томдук орусча котормосун редакциялоого катышып, Е. Мозольков м-н бирдикте кириш сөзүн жазган. «Манас» эпосунун 1958–60-ж. жарыяланган курама 4 томдугунун башкы редакторунун орун басары болгон. Кыргыз ССР Жогорку Советинин (2-чакырылышынын) депутаты болгон. «Ардак Белгиси» ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.