ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ
ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ – Азиянын батышы м-н Африканын түн.-чыгышындагы аймак, анда Египет Араб Респ-сы, Судан Респ., Израиль, Иордания Хошимит Королдугу, Ирак Респ., Сирия Араб Респ., Ливан Респ., Бириккен Араб Эмирликтери, Оман Султандыгы, Палестинанын аймагы, Сауд Арабиясы, Йемен Респ., Кувейт, Катар, Бахрейн, Кипр, Түркия мамлекеттери жайгашкан.