ЖАЛ 3
ЖАЛ – Баткен обл-нун Кадамжай р-нундагы кыштак. Бирлик айыл округуна караштуу. Кадамжай – Сырт автомобиль жолунун боюнда, деңиз деңг. 1995 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Пүлгөн кыш-нан 42 км түш.-батыш тарапта. Кызыл-Кыя т. ж. бекетинен 82 км. Калкы 1374 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Эки үй-бүлөлүк врачтар тобу иштейт.