ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:57, 28 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ЖАЛАЛ-АБАД ОБЛУСУ Кырг-ндын түш.-ба­тыш бөлүгүн ээлейт. 1924–26-ж. округ, 1926– 28-ж. кантон болгон; 1928-ж. Ош округуна би­риктирилген. 1939-ж. 21-ноябрда облус катары уюшулган; 1959-ж. 27-январда жоюлуп, Ош облусуна кошулган, 1990-ж. 14-декабрда кайра өз алдынча облус болгон. Түндүгүнөн Талас, Чүй, чыгышынан Нарын, түштүгүнөн Ош облуста­ры, түш.-батышынан ж-а батышынан Өзбекстан м-н чектешет. Адм.-айм. жактан 8 районго (Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул, Чаткал), 68 айыл өкмөткө бөлүнөт. Анда 7 шаар, 7 шаарча, 414 айыл бар. Аянты 33,7 миң км2 (өлкөнүн аянтынын 16,9%и). Калкы 993,8 миң (2009; респ-нын кал­кынын 18,7%и).

Табияты.

Облустун аймагынын басымдуу бө­лүгү Түш.-Батыш Теңир-Тоонун, бир аз бөлүгү (Тогуз-Торо ойдуңу) Ички Теңир-Тоонун аймак­тарынан орун алган. Алар негизинен Фергана өрөөнүн түндүгүнөн курчаган бийик, орто би­йик ж-а жапыз тоолор, жалдар, дөңсөөлөр, адырлар тилкеси, тоо этегиндеги жантайыңкы түздүктөр ж-а тоо аралык өрөөндөр болуп са­налат. Деңиз деңг. эң бийик жери 4503 м (Чат­кал кырка тоосундагы Авлетим чокусу), эң жапыз жери 600 м (Базар-Коргон р-нунун айма­гында). Облустун түн.-батыш, түн. ж-а чыгыш чет жакалары б-ча Батыш ж-а Ички Теңир-Тоо системаларына кирген бийик кырка тоолор – Чаткал (бийикт. 4503 м), Суусамыр-Тоо, Мол­до-Тоо (түш. капталдары) созулуп жатат. Облус­тун борб. бөлүгүн Фергана (түн.-батышын), Коч­кор-Төбө, Ат-Ойнок, Исфан-Жайлоо, Чаак-Тоо, Бабаш-Ата кырка тоолору ээлеп, түш.-батыш­ты карай жайпаң рельефтүү этек тоолорго өтөт. Фергана өрөөнүн түндүктөн торогон тоолордо дарыя өрөөндөрү ж-а салыштырмалуу бийикт. 100–400 мге жеткен адыр-дөңсөөлөр кезектешип жайгашат. Дарыя алаптарын Көгарт (мында облустун борбору – Жалал-Абад ш. жайгашкан), Кара-Үңкүр, Нанай (Пачатанын алабы), Ала-Бу­ка өрөөндөрү ээлейт. Облустун курамына о. эле

Очок-Жар аскалары.

обочороок жайгашкан тоо аралык ири өрөөн­дөр – Кетмен-Төбө, Тогуз-Торо ж-а Чаткал ой­дуңдары да кирет. Кетмен-Төбө ж-а Тогуз-Торо ойдуңдары облустун Фергана өрөөнүнө караган негизги бөлүгүнөн Фергана ж-а Ат-Ойнок, Чат­кал өрөөнү Чаткал кырка тоолору аркылуу бө­лүнүп турат.
Кырка тоолору байыркы кристаллдык тоо тектерден (гранит, порфир), ал эми тоо каптал­дары ж-а тоо аралык ойдуңдары карбон, девон ж-а палеоген-неоген мезгилдеринде пайда бол­гон чөкмө тектерден түзүлгөн. Кен байлыкта­рынын ичинен облус отун-энергетика ресурс­тарына бай. Нарын д-нда ГЭС каскады (Токто­гул, Күрп-Сай, Таш-Көмүр, Шамалды-Сай, Үч- Коргон) бар; Камбар-Ата I, II ГЭСтери курулуу­да. Таш көмүр Көк-Жаңгак, Таш-Көмүрдөн ка­зылып алынат. Нефть м-н табигый газ кендери Чаңгыр-Таш, Майлы-Суу, Избаскен, Кочкор- Атадан чыгат. Андан сырткары сурьма (Терек кени), полиметалл (Сумсар кени), марганец кен­ташы (Кара-Алма суусунун төмөнкү агымында) ж. б. кендер да бар. Металл эмес кен байлык­тардан озокерит (Майлы-Сай), гипс (Сузак р-нун­да) ж. б. кендер чыгат. Ысык ж-а минералдуу булактар чыккан жерлер да арбын (Жалал-Абад, Майлы-Суу ж. б.). Облустун аймагы рекреа­циялык ресурстарга бай; мында туристтерди кы­зыктыруучу Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара- Алма, Сары-Челек, Пачата сыяктуу кооз жер­лер бар.
Тоолордун орогр. түзүлүшүнүн өзгөчөлүгү арк­тикалык суук ж-а континенттик аба массала­рынын аймактын климатына тийгизген тааси­рин кыйла басаңдатат. Жай мезгилинде бийик кырка тоолор Орто ж-а Борб. Азия чөлдөрүнүн аптабын кыйла серүүндөтөт. Бирок, батыштан соккон аба агымы ж-а анын түн.-батыш, түш.- батыш салаалары Түн. ж-а Чыгыш Ферганага тоскоолсуз кирип, облустун аймагына ж-а анын түрдүү ландшафттык зоналарына жагымдуу аба ырайын түзөт. Ички Теңир-Тоодо жайгашкан Кетмен-Төбө ж-а Тогуз-Торо өрөөндөрүнүн кли­маты облустун Фергана өндүрү жак бөлүгүнө ка­раганда кыйла башкачараак. Бул өрөөндөрдө муздак тоо абасы туруп калат; декабрдан март­ка чейинки темп-расынын орт. максимуму Түш. Кырг-ндын башка метеорол. станцияларыныкы­на караганда 10°Сге төмөн болот. Жаан-чачын режими окшош болгондугуна карабастан, жаа­ган жаан-чачындын өлчөмү м-н абанын темп­расынын ортосунда айырмачылык сөзсүз болот. Аймактын деңиз деңг. бийиктигине, тоо кап­талдарынын экспозицияларына ж-а рельефинин өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу жайы ысык, жылуу, серүүн же суук болушу мүмкүн. Июл­дун орт. темп-расы этек тоо-адырлуу зонада 25– 22°С, жапыз тоолуу зонада 22–15°С, орто бийик тоолуу зонада 15–10°С, бийик тоолуу зонада 10– 5°С, нивалдык-гляциалдык зонада 5–0°С. Жай­дын биринчи жарымы жаанчыл, экинчи жары­мы ж-а күз маалы өтө кургакчыл. Кышы жал-

Арстанбап өрөөнү. Арткы планда Арстанбап кыштагы.

пысынан мелүүн-суук, январдын орт. темп-расы –3°Сден –15°Сге чейин. Эң төмөнкү темп-ра бийик тоолуу ойдуңдарда адатта – Кызыл-Жарда (Тар ойдуңу) абс. минимум –40,9°С, Чаткалда – 39,8°С, ал эми ушул эле мезгилде муздак аба туруп калган ойдуңдарда – Ошто –25,9°С, Кер­бенде (1280 м бийиктикте) –26,1°С гана болот. Ушундай эле кубулуш кышында Фергана өрөө­нүндө да темп-ралык инверсияга байланыштуу пайда болот; тоолордо ойдуңдарга караганда жылуураак келет. Атм. жаан-чачын бийиктик зоналуулук б-ча өзгөрөт ж-а ал ным алып ке­лүүчү аба агымдарына карата жайгашуу экспо­зициясына байланыштуу. Фергана, Ат-Ойнок, Талас Ала-Тоолорунун түш.-батыш капталда­рында жаан-чачын 500–900 мм ж-а андан да мол жаайт. Токой-шалбаалуу талаа алкагында мелүүн-жылуу ж-а нымдуу жер ортолук деңиз­дик климат мүнөздүү, жаан-чачындын жылдык өлчөмү 500 ммден 900 ммге чейин, анын 50%и вегетация мезгилине туура келет. Чаткал сис­темасына кирген тоолор орогр. жактан ыктоо­до жайгашкандыктан, жаан-чачынга салыш-


тырмалуу жарды (400–500 мм), ал эми Чаткал кырка тоосунун түш.-батыш капталына тоо аралык ички ойдуңдарындагыдай эле 300– 400 мм гана жаан-чачын жаайт. Жаан-чачын эң мол жааган мезгили жаз маалы, анын жыл­дык өлчөмүнүн 60%тен ашыгы кыш-жаз мезги­лине туура келет, август-сентябрь эң аз жааган мезгил. Жаан-чачын көбүнчө жамгыр түрүндө жаайт. Тоолордо 2500–3000 мден жогору кар­дын өлчөмү кыйла зор (жылдык жаан-чачын­дын 30–50%). Кар катмарынын калыңдыгы тоо этеги-адырлуу зонада 20–25 смден, бийик тоо­лордо 90–100 смге чейин жетет. Фергана тоо тиз­мегинин кыр бөлүгүнө жакын кардын калың­дыгы 150 смдей болот.
Облустун аймагы, айрыкча Фергана тоо тиз­мегинин капталдары агын суу тармагынын жыштыгы ж-а алардын суусунун молдуулугу м-н айырмаланат. Ири дарыялары: Нарын, Чат­кал, Кара-Дарыя. Нарын д. Фергана тоо тизме­гинин тармактарын ж-а Чаак-Тоону кесип агат. Облустун чегинде Нарынга сол тараптан Көк- Ирим, Кемпир-Ата, Ничке-Сай ж. б., оң тарап­тан Толук, Торкен, Чычкан, Узун-Акмат, Кара- Суу ж. б. суулар куят. Бул суулар терең өрөөндөр м-н шар агып, нуктарында босоголор көп. Фер­гана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан агып түшкөн суулардын бардыгы Кара-Дарыя­нын оң куймалары – Чаңгет, Көгарт, Кара- Үңкүр, Майлы-Суу ж. б. Ал эми облустун баты­шындагы Пачата, Чанач, Касан-Сай, Сумсар суулары Сыр-Дарыяга оң тараптан куят. Чат­кал д. Талас Ала-Тоосунун түш.-батыш капта­лынан башталып, төмөнкү агымында кууш ж-а терең шаңшаардан чыга беришинде Пскем суусу м-н кошулуп, Чырчык д-н түзөт. Анын ири куймалары: Чандалаш, Терс, Кара-Корум, Теректи-Сай ж. б. Облустун дарыялары суу энер­гиясына өтө бай; Нарын д-на ГЭС каскады суу сактагычтары м-н курулган. Дарыя суулары дээрлик сугатка пайдаланылат. Чаткал кырка тоосунун түн.-чыгышындагы этек тоолорунда – Сары-Челек, Көгала, Кара-Суу ж. б., Чаак-Тоо­нун түш. капталдарында Кара-Көл ж. б. көл­дөрүнүн, дарыя өрөөндөрүн көчкү бөгөп калы­шынан пайда болгон тоо көлдөрү бар.
Аймактын топурак-өсүмдүктөрү өтө ар түрдүү келип, таралышына бийиктик алкактуулук мүнөздүү . Обл устун аймагынын эң жапыз бөлүгүн (деңиз деңг. 500–900 м бийиктикте) шы­бак-эфемердүү чөл ж-а жарым чөл өсүмдүктөрү (ак шыбак, ыраң, баялыш ж. б.) ээлеп, анда ачык боз ж-а кадимки боз топурактар өөрчүйт. Бул топурактарга аз кесекчелүү борпоң струк­тура мүнөздүү, чириндиси салыштырмалуу аз, ал эми минералдык сиңимдүү заттары арбын. Сугарганда түрдүү маданий өсүмдүктөр жакшы өсөт. Талаа өсүмдүктөрү бийик адырларды, ай­рым жерлерде жапыз тоолорду ээлеп, деңиз деңг.

Фергана тоо тизмегиндеги арча токою.

900–1300 м бийиктиктеги кеңири тилкени кам­тыйт. Чириндиси салыштырмалуу мол күңүрт боз топурак басымдуу. Өсүмдүктөрдөн пияз, түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, о. эле шыбак, сарындыз өсөт. Ушул эле зонада талаа ж-а шалбаа өсүмдүктөрүнүн арасында ксерофит­тик сейрек токой, жыгач мистенин массивдери, сейрекдолонокездешет.
Деңиз деңг. 1000–2200 м бийиктикте токой­луу талаа зонасы жайгашкан. Мында жаңгак­мөмө жемиш токою талаалашкан шалбаалуу, бадалдуу, сейрек алмалуу жерлер м-н кезекте­шип жатат. Токой астында кара коңур токой, бадалдар, шалбаа ж-а талаа өсүмдүктөрүнүн ас­тында күңүрт боз тоо-талаа топурактары өөр­чүйт. Жаңгак токоюнун астында өөрчүгөн то­пурак өзгөчө касиетке ээ: чириндиге бай, ал то­пуракка каралжын өң берип турат, жаңгак сы­мал структуралуу, ным сыйымдуулугу өтө зор ж. б. Ошого байланыштуу, капталдардын кый­ла эңкейиштигине карабай агын суулар жокко эсе, кар ж-а жамгыр суулары бүт кыртышка сиңип кетет. Облустун аймагынын зор аянтын (700 миң га) ээлеген жаңгак-мөмө-жемиш то­коюнун чарбалык мааниси өтө зор. Ал токой­лор Фергана ж-а Чаткал кырка тоолорунун Фер­гана өрөөнүн караган этек тоолорун ээлейт. Ай­рым жаңгак дарактары бириндеп 800 м би­йиктиктен эле кездеше баштайт. Жаңгак то­кою деңиз деңг. 1000–1200 мден 1800–1900 м би­йиктикке чейин эң кеңири таралган. Жаңгак токоюнун арасында алма, алча, айвансары, ка­рагат, итмурун, изирик ж. б. дарак-бадал өсүм­дүктөрү өсөт. Андан жогору 2200 м бийиктикке чейин да бирин-серин жаңгак дарактары кез­дешет. Жаңгак токоюнун чет жакаларында жа­пайы мөмө-жемиш дарактары – алмурут, алча, бадам, жүзүм ж. б. өсөт. Токой өсүмдүктөрү тоо капталдарынын түш., о. эле чыгыш экспозиция­ларынан башка бүт беттеринде өсүп, алар неги­зинен жаңгак ж-а жапайы мөмө-жемиш да­рактарынан турат. Токойлуу талаа зонасынын ачык түш. ж-а бир аз чыгыш капталдары эфе­мероиддүү шалбаа ж-а талаа м-н капталган; аюу чач, пияз түптүү арпа, түктүү буудайык, кызыл от, ак сокто, кылкансыз түбү бош ж. б. үстөмдүк кылат. Түрдүү чөп өсүмдүктөрүнөн би­йик чатыр гүлдүүлөр – аюу чач, шашыр өсөт. Кеңири аймакты ээлеген шалбаалуу талаанын бул бөлүктөрү негизинен кеч жаздагы жайкы жайыт катары пайдаланылат. Бул зонанын жантайыңкы капталдарында ж-а жайык кыр­ларында кайрак эгин эгилет.
Субальп зонасы 2000–3000 м бийиктикти ээлейт. Мында субальп шалбаасы ж-а карагай, көк карагай, арча, кайың ж. б-дан турган то­кой өсүмдүктөрү кеңири таралган. Субальп зо­насында күңүрт түстөгү тоо-токой ж-а тоо-шал­баа-талаанын күрөң, чанда кара топурак сымал топурак типтери өөрчүйт. Чөп өсүмдүктөрдөн флёмис, крестовник, шимүүр, түлкү куйрук, ак сокто ж. б. өсөт. Субальп шалбаасы жайкы жа­йыт катары кеңири пайдаланылат. Альп зона­сы кырка тоолордун бийик (3000 мден жогору) бөлүгүн ээлейт. Анда чымдак-чала чымдашкан тоо-шалбаа альп топурактары өөрчүйт. Зонанын басымдуу бөлүгүн аска, корум таш-шагылдар, чакан бөлүгүн альп шалбаасы ээлейт. Альп өсүмдүктөрүнүн ичинен эң кеңири таралганы көбүргөн басымдуулук кылган фитоценоздор болуп саналат. Көбүргөн м-н кошо каз таман, козу кулак, таран ж. б. да өсөт. Альп шалбаа зонасы кыска мезгилге жайыт катары пайда­ланылат.

Калкы.

Облустун калкы респ-нын калкынын 18,7%ин (2009; 993,8 миң) түзөт. Анын 23,0%и (228,3 миң) шаарларда, калган 76,0%и (765,5 миң) айыл-кыштактарда турат. Калкынын са­ны б-ча респ-да Ош обл-нан кийин 2-орунда. Көп улуттуу; басымдуу бөлүгү кыргыздар (2006; 71,0%), о. эле өзбек (24,6%), орус (1,2%), та­жик (0,6%), түрк (0,6%), татар (0,5%), украин (0,1%) ж. б. улуттардын өкүлдөрү да жашайт. Калктын орт. жыштыгы жалпы респ-ныкына караганда бир аз жогору: 1 км2 жерге 29 адам (респ-да 26) туура келет. Шаарлары: Жалал-Абад (облустун борбору, 97,2 миң), Таш-Көмүр (31,7 миң), Кара-Көл (20,8 миң), Майлы-Суу (22,8 миң), Кочкор-Ата (14,8 миң), Кербен (13,2 миң), Көк-Жаңгак (9,3 миң); шаарчалары: Кызыл-Жар (2,6), Кетмен-Төбө (1,9 миң), Көк-Таш (2,7 миң), Сумсар (6,0 миң), Терек-Сай (2,4 миң), Токтогул (16,4 миң), Шамалды-Сай (9,5 миң). Облустун калк көп жашаган айылдары (2009-ж. эл кат­тоо): Базар-Коргон (33,4 миң киши), Сузак (24,0 миң), Масы (13,9 миң), Казарман (9,5 миң), Ала- Бука (10,8 миң), Каныш-Кыя (2,4 миң).
Облустун жалпы калкынын жаш курактары б-ча бөлүнүшү: 16 жашка чейинки жаштардын саны 2006-ж. 388,1 миң адам (жалпы калктын 40,1%), эмгекке жарактуулары – 510,4 миң (53,1%), эмгек жашынан өткөндөр – 62,3 миң (6,5%).

Экономикасы.

Ж.-А. о. – экон. жактан өнүгүү деңгээли б-ча респ-да Чүй обл-нан кийинки 2-регион. Анын өнүгүшүн ө. ж., а. ч., куру­луш, транспорт ж-а байланыш, соода ж-а коом­дук тамактануу тармактары, ал эми социалдык өсүшүн тейлөө кызмат, билим ж-а илим, сала­маттык сактоо, мад-т ж. б. тармактарынын дең­гээли аныктайт. Бул тармактар базар экономи­касынын шартына ылайык ар түрлүү менчикке тиешелүү өндүрүштүк же тейлөөчү ишкана ж-а мекемелерден (ө. ж. чакан ж-а өнөктөш ишка­налар, кооперациялар, акционердик коомдор, биржа ж-а фирмалар, дыйкан ж-а фермер чар­балары, о. эле жеке дыйкан чарбалары) ж. б. өзүнчө ээлик кылуучу субъектилерден турат.
Облуста 2009-жылдын башында чарба жүргү­зүүчү субъектилердин саны 110202 болгон. Алар­дын 2,2%и мамл. менчиктеги, 2,1%и – комму­налык ж-а 95,7%и жеке менчиктеги ишкана­лар. Ишканалар түрлөрү б-ча ири (0,3%), орто (0,5%) ж-а чакан (1,8%), дыйкан (фермер) чар­балары (78,7%), жеке ишкерлер (18,1%) ж. б. обочолонгон бөлүмчөлөр (0,6%) болуп бөлүнөт.
Ө. ж. тармагында бардыгы 135 ишкана иш­тейт, алардын ичинен 102си өзүнчө баланста турган ө. ж. ишканалары болгон (2005). Алар­да 17,4 миңден ашык жумушчу иштеп, 2006-ж. 7007,8 млн сомдук (респ-нын 19,5%) продукция өндүргөн. Ө. ж-дын негизги тармактары: электр­энергетика (ө. ж. продукциясынын 54,0%ин түзөт), машина куруу (19,2%), отун (10,1%), түстүү металлургия (6,3%), жеңил (6,2%), та­мак-аш (2,8%) ж. б. ө. ж. тармактары. Облус­тун ө. ж. тармактарынан электр-энергетика, ма­шина куруу, отун ж-а түстүү металлургиянын респ-дагы орду кыйла жогору.
Э л е к т р - э н е р г е т и к а облустун ө. ж-нын 54,0% продукциясын өндүрүп (респ­нын электр-энергетикасынын 83,3%), 4 ишка­наны камтыйт: Токтогул ГЭС каскадынын «Электрстанция» ААК (2007-ж. 1,9 млрд сом­дук продукция өндүргөн), «Электрстанция» ААКтын ПСГЭСи (851,2 млн сом), «Улуттук электр» ААК (95,0 млн сом) ж-а «Жалал-Абад электро» АК (446,0 млн сом). Бул тармакта об­лустун жалпы ө. ж-нда иштеген калктын 21,8%и эмгектенип, ө. ж-ндагы негизги өндүрүш каражатынын (фондунун) 43,7%и топтолгон. Облуста 2008-ж. 10,5 млрд кВт·с электр энер­гиясы (респ-дагы электр энергиясынын 89,4%и) өндүрүлгөн. Өндүрүлгөн электр энергиясынын басымдуу бөлүгү респ-нын башка региондорун­да пайдаланылат, чет өлкөлөргө экспорттолот. О т у н ө. ж. – облустун үчүнчү маанилүү ө. ж. тармагы. Бул тармакта 2007-ж. ө. ж. про­дукциясынын 10,1%и өндүрүлгөн. Отун ө. ж. структурасына көмүр казып алуу, нефть ж-а жа­ратылыш газын өндүрүү, нефтини кайра иштетүү тармактары кирет. Көмүр казып алуу тарма­гында 4 ишкана иштеп, аларда 219 адам эмгек­тенген. 2008-ж. 44,7 миң Ъ көмүр казылып алынган (респ-да казылып алынган көмүрдүн 9,1%и), 2005-ж. «Тегене» ЖЧКнын кубаттуу­лугунун 44,0%и, «Көк-Жаңгак шахтасы» МАК-тын 25,8%и, «Таш-Көмүр» МАКтын 27,4%и гана пайдаланылган болсо, «Коргон-Таш» АК иште­бей турган. Көмүр казып алуудагы мындай акы­балга биринчиден өндүрүлгөн көмүрдүн өздүк наркынын кымбаттыгы, экинчиден алардын са­патынын начардыгы, үчүнчүдөн аларды сатуу­дагы рыноктун тардыгы же жоктугу себеп бо­лууда.
Нефть ж-а табигый газды өндүрүү тармагын­да облустагы «Кыргызмунайгаз» АКсы, «Ань-Банг» ЖАК иштешкен. Алар 2008-ж. 55,0 миң т нефть (респ. б-ча өндүрүүнүн 77,0%и) ж-а 17,3 млн м3 табигый газ (100%) өндүргөн. Облуста өндүрүл­гөн жаратылыш газы Жалал-Абад, Кочкор-Ата ш-на берилип, азыраак бөлүгү Тажикстанга экс­порттолот. Отун ө. ж-нын маанилүү тармакта­рынын бири – нефтини кайра иштетүү. «Кыр­гыз Петролеум Компани» (КПК) биргелешкен ишканасы облуста өндүрүлгөн ж-а бөлөк өлкө­лөрдөн ташылып келинген нефтини кайра иш­тетип, бензин (2007-ж. 35,0 миң т же респ-да­гынын 46,7%и), дизелдик күйүүчү май (136,2 миң т же 95,8%и), мазут (220,0 миң т же 98,6%и) өндүргөн. Ишкана чыгарган нефть продуктула­ры респ-нын түш. райондорун толук камсыздай алат.
Жалпы ө. ж. продукциясынын 6,3%ин т ү с­т ү ү м е т а л л у р г и я өндүрүп, ө. ж. тармактарынын ичинен 4-орунда турат. Бул тар­мактын 3 ишканасы бар, алар: Макмал алтын кен комбинаты (2005-ж. 389,6 млн сомдук про­дукция өндүргөн; 1143 адам иштеген); «Кыргыз­алтын» ААКтын филиалы «Терек-Сай кени» (24,2 млн сом өндүрүп, 464 адам иштеген); «Крис­талл» МАК (жарым өткөргүчтүү кристаллдык кремний ж. б. түрлөрүн чыгаруучу КМШ өлкө­лөрүндөгү жалгыз ишкана).
М а ш и н а к у р у у ж-а м е т а л л и ш­т е т ү ү ө. ж. облустун тармактарынын ичинде 19,2% продукция өндүрүп, электр-энергетика ө. ж-нан кийинки 2-орунду ээлейт. Тармактын 19 ишканасы бар; ирилери: «Майлы-Суу электр лампа заводу» АК, «Нур» АК, ТТО з-ду, «Дос­тук» АК, «Гидросталь-конструкция» АК, «Кыр­гызэлектроизолит» з-ду, ОП-36/10 ишканасы, «Жетиген» АК, «Анар» з-ду, «Ротор» чакан ишканасы ж. б. Облустун машина куруу ө. ж. респ-нын масштабында ушул тармактын 46,1% продукциясын өндүрүп, облустардын ичинен 1-орунда турат. Негизги продукциялары: электр лампалары (2007-ж. 171,2 млн даана), электр өткөрбөөчү (изоляциялоочу) материалдар (тас­малар) ж-а түтүкчөлөр, электр жылыткычтар, насос, автомобиль тетиктери. Бул тармакта өндүрүлгөн продукциянын көп түрү экспортко чыгарылат. «Майлы-Суу электр лампа заводу» АКтын продукциясынын 80,0%ке жакыны, «Нур» АКтын 60,0%тен ашык продукциясы экс­порттолот. Негизги ишканалары Жалал-Абад, Кара-Көл, Көк-Жаңгак, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата ш-нда, Сумсар шаарчасында жайгашкан.
Токой, жыгаччылык ж-а целлюлоза-кагаз ө. ж-нда 23 ишкана иштеп, анын 18и токой өстүрүп, эмерек ж. б. буюмдарды жасоого жа­рактуу жыгачтарды, отун даярдайт. Ал эми 5 ишкана жыгачтан эмерек ж. б. буюмдарды жа­соого ылайыкташкан. Негизги ишканалары: Жалал-Абад ш-ндагы «Эмерек», «Көгарт» АК-тары, Базар-Коргон р-нундагы «Кыргыз-түрк вуд ИНДАСТРИ» биргелешкен ишканасы, токой чарбачылыгындагы чакан ишкана-цехтер ж. б.
Жаңгак жыгачынан, айрыкча анын уюлунан (кап) жогорку сапаттагы, баалуу, дүйнөлүк ры­нокко өтүмдүү эмерек ж. б. буюмдарды жасоого жетишүү үчүн аракеттер көрүлүүдө.
Курулуш материалдарын өндүрүү тармагында 12 ишкана иштейт (2007); негизги ишканала­ры: «Кыргызкурулушматериалдар» АК, «Темир­таш» АК, темир-бетон заводу (Жалал-Абад ш-нда), «Ока-Керамика» ЖЧК (Кочкор-Атада), «Береке» АК (Майлы-Сууда), «Таш-Рабат» ЖЧК (Токтогул шаарчасында); чыгарган негизги про­дукциялары: темир-бетон конструкциялары, кыш, карапа, черепица, бетон, курулуш ара­лашмалары ж. б. Айрым курулуш материалда­ры (кыш ж. б.) Өзбекстанга (Анжиян, Наман­ган обл-на) сатылат.
Жеңил ө. ж. тармагы өндүргөн продукциясы­нын көлөмү б-ча облустун ө. ж. структурасын­да 6,2%ти түзүп, 5-орунду ээлейт. Иштеген адам­дардын саны б-ча тармактын респ-дагы үлүшү 17,3%, өндүргөн продукциясынын көлөмү б-ча 49,0%ти түзгөн. 2005-ж. жеңил ө. ж. тарма­гында 28 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Кыргыз пахтасы» жабык АК, «Мата» ААК, «Ак алтын» биргелешкен ишканасы, «Юнисеп Каттон-Рефинери», «Глейзер-Дунай-Нарын», «Актилек-А» ЖЧКлары ж. б. Жеңил ө. ж. иш­каналары негизинен Жалал-Абад, Көк-Жаңгак, Майлы-Суу ш-нда, Аксы, Базар-Коргон, Ноокен, Токтогул р-ндорунда жайгашкан. Алардын чы­гарган негизги продукциялары: чигитинен та­заланып таңылган пахта буласы, токулбаган кездеме, о. эле көйнөк, шым, төшөк, бут ки­йим ж. б. Пахта буласы экспортко (негизинен Россияга) чыгарылат.
Тамак-аш ө. ж. – облустун а. ч-нда өндүрүлгөн продукцияларды кайра иштетип, эл керектөөчү товарларды, айрыкча азык-түлүктү өндүрүп, калктын муктаждыгын камсыз кылып туруу­чу маанилүү тармак. Анда 2006-ж. 54 ишкана иштеген. Ири ишканалары: «Келечек» АК (кол­баса азыктары), «Сары алтын» (Таш-Көмүр ш-нда, ферменттелген тамеки), «Арак заводу» (41,5 млн сом), «Таттуу суу» (кондитер азыкта­ры) АКтары, «Азиз тамеки» (ферменттелген та­меки). Ири ишканалары негизинен Жалал-Абад, Таш-Көмүр ш-нда ж-а Ала-Бука р-нунда жай­гашкан. Облустун тамак-аш ө. ж. ишканалары 2008-ж. респ-да чыгарылган өсүмдүк майынын 69,6%, кондитер азыктарынын 13,5%, спирт ичимдигинин 4,8%, минералдуу суунун 20,8%, ферменттелген тамекинин 10,3%ин ж. б. өндүргөн. Ун-акшак ж-а аралаш тоют чыгаруу ө. ж-нда 2008-ж. 6 ишкана иштеп, аларда жалпы ө. ж-нда иштегендердин 0,6%и эмгектенген. Негизги иш­каналары Жалал-Абад ш-нда жайгашкан; ири ишканалары: «Дан-ЮГ», «Марьям и Ко» ЖЧК-лары, «Азретайып», Таш-Көмүр ш-ндагы «Тех­ник» АКтары ж. б. Облустун башка ишканала­ры да бул тармактын кошумча продукцияла­рын чыгарат; о. эле облустун шаарларында, райондорунда, айыл-кыштактарында жеке мен­чик тегирмендер ун-акшак тартышат. 2008-ж. облуста 70,5 миң т ун чыгарылып, ал респ-када өндүрүлгөн ундун 22,4%ин түзгөн. Полиграфия ө. ж-нын 5 ишканасы иштейт; алар – Жалал-Абад, Таш-Көмүр ш-ндагы бас­маканалар ж-а чакан ишкана. Негизги продук­циялары: китеп, гезит, бланк, этикетка ж. б. ИДПнин 49,9%и а. ч-га туура келет. 2008-ж. 46 а. ч. кооперациясы, 2 орток дыйкан чарба­сы, 4 АК, 8,2 миң жеке дыйкан (фермер) субъек­тилери катталып, алар 18467,5 млн сомдук про­дукция өндүргөн (респ-нын жалпы продукция­сынын 16,4%). А. ч-нда өндүрүлгөн продукция­нын 62,4%и дыйканчылыкка туура келет, ал пахта, тамеки ж-а жашылча өстүрүүгө адистеш­кен. Кийинки жылдарда облустун жеринде кант кызылча ж-а май алынуучу өсүмдүктөр өстүрүлө баштады.
А. ч-га жарактуу жери 1857,3 миң га, анын 9,0%и (167,1 миң га) айдоо, 0,5%и (9,2 миң га) көп жылдык мөмө-жемиш дарактары, 2,1%и (39,0 миң га) чабынды ж-а 88,4%и (1642,1 миң га) жайыт (2008). Эгин аянты 875,5 миң га бо­луп (респ-дагы эгин аянтынын 14,6%и), анда 72,9 миң га дан (12,4%), 22,9 миң га пахта (67,5%), 4,5 миң га тамеки (31,0%), 5,6 миң га картөшкө (8,1%), 7,2 миң га жашылча (15,3%), 13,5 миң га тоют (8,0%), 19,9 миң га май алын­чу өсүмдүктөр (34,8%), калган 1,1 миң га жерге бакча өсүмдүктөрү эгилген. Булардан башка об­лустун жеринде 6,8 миң га мөмө-жемиш бакта­ры (14,0%), 1,3 миң га жүзүм (16,7%) аянты бол­гон. 2008-ж. 234,9 миң т дан (респ-кадагынын жалпы 15,5%), 63,2 миң т пахта (66,6%), 1,1 миң т тамеки (8,1%), 96,6 миң т картөшкө (7,2%), 153,1 миң т жашылча (18,6%), 18,9 миң т бакча өсүмдүктөрү (28,8%), 39,5 миң т мөмө­жемиш (21,3%) ж-а 6,2 миң т жүзүм (23,4%) алынган.
Мал чарба тармагы а. ч. продукциясынын 37,1%ин өндүрөт. Облустун бардык чарбаларын­да 2009-жылдын 1-январында малдын саны миң баш м-н эсептегенде: уй 241,3 (респ-нын 19,7%), кой м-н эчки 855,3 (19,0%), жылкы 51,6 (16,0%), чочко 0,9 (1,4%), үй куштары 756,4 (14,2%) бол­гон. Облустун мал чарбасынан 2008-ж. тирүү салмакта эсептегенде 46,8 миң т эт (респ-да өндүрүлгөн эттин 14,1%и), 234,5 миң т чийки сүт (17,4%), 1,7 миң т жүн (14,5%) ж-а 37,8 млн даана жумуртка (10,2%) өндүрүлгөн.
Жалал-Абад обл-нда автомобиль, темир ж-а аба жолдор ж-а куур транспорту бар. Алардын ичинен негизги орунду автомобиль транспорту ээлейт. 2000-ж. автомобиль транспорту м-н 4971,9 миң т жүк (респ-дагы жүктүн 13,6%и), 461,6 млн жүргүнчү (10,6%) ташылган. Авто­мобиль жолунун негизин Бишкек – Ош жолу түзөт. Андан башка Жалал-Абад – Казарман, Үч-Коргон – Кербен – Ала-Бука – Каныш-Кыя ж. б. автомобиль жолдору ж-а Кара-Суу – Жа­лал-Абад – Көк-Жаңгак ж-а Наманган (Өзбек­стан) – Үч-Коргон – Таш-Көмүр т. ж. тармакта­ры өтөт. Алардын узундугу чектелүү болгону м-н башка өлкөлөр м-н экон. байланыш түзүүдө мааниси чоң. Кочкор-Ата шаарчасынан Жалал- Абад ш-на чейин газ кууру жеткирилген. Жа­лал-Абад ш-нда, Казарман, Кербен, Каныш-Кыя кыш-нда аэропорттор иштеп, алардын Бишкек м-н аба жол каттамы бар. Жалал-Абад ш. Ка­ракол, Чолпон-Ата ш. ж-а Казарман кыш. м-н жалпы аба жолдору аркылуу байланышат. Об­лустагы бардык шаарлар ж-а райондун борбор­лору облустун борбору – Жалал-Абад ш. м-н аба, кабель ж-а радиореле линиясы аркылуу бай­ланышат. Облуста калкка кызмат көрсөтүүнүн жалпы көлөмү 2008-ж. 1199,6 млн сомду түзүп, респ-ныкынын 7,1%ине барабар болгон.

Маданий турмушу.

Облуста 13 ЖОЖ бар; анда 22,3 миң студент билим алып, аларда 970 оку­туучу (а. и. 9 илимдин доктору, 67 илимдин кандидаты) иштеген. О. эле 8 атайын орто (3,5 миң студент; 292 окутуучу), 22 кесиптик-тех. (5,0 миң окуучу) окуу жайлары ж-а жалпы би­лим берүүчү 416 мектеп (221,3 миң окуучу; 14,1 миң мугалим) бар. Облус б-ча 293 мектепте кыр­гыз, 6 мектепте орус ж-а 38инде өзбек тилде­ринде, ал эми 74 мектепте сабактар кыргыз, орус, өзбек тилдеринде окутулат.
Облус б-ча 92 клуб тибиндеги мекемелер, 3 автоклуб, 189 массалык китепканалар (2,0 млн нуска китеп ж-а журналдары м-н), 11 ар түрдүү музейлер, а. и. Аксыдагы ж-а Тогуз-Тородогу тарых-мекен таануу музейлери, Сузак р-нунда Барпынын үй-музейи ж. б. бар. Алардан баш­ка балдардын 14 муз., 4 көркөм өнөр, 1 көркөм сүрөт мектептери, Жалал-Абад ш-ндагы Барпы түш.-чыгышта, кыш з-дунан 2,5 км түш.-чы­гышта, деңиз деңг. 793–858 м бийикте жайгаш­кан. 1970-ж. геол. чалгындоо иши жүргүзүлгөн. Кен аймагы калыңдыгы 3,0 мден 44,0 мге жет­кен кумайлуу топурактан турат да, бор, неоген ж-а байыркы антропоген мезгилинде пайда болгон катмарлардын үстүндө жатат. Өңү сар­гыч боз түстө. Андан «75» ж-а «100» маркасын­дагы кыш, «400», «500» ж-а «600» маркасында­гы суукка чыдамдуу аглопорит алууга жарайт. Бекитилген запасы: В категориясы б-ча 3422 миң м3, С – 4785 миң м3, 1996-ж. 1-январына карата калган запасы: В – 308 миң м3, С – 4785 миң м3.

Жоомарт Бөкөнбаевдин Мазар-Суу кыштагындагы музейи.

атн. кыргыз драма театры, Т. Тыныбеков атн. филармония ж. б. бар. Обл. радио уктуруу ж-а телекөрсөтүү студиясы иштейт. 2006-ж. облуста 309 мед. дарылоо мекемеси болгон, анын 261и – айылдык амбулаториялар, ооруканалар, фельдшер­дик-акушердик пункттар. Бардык мед. мекемеле­ринде 1664 врач (10 миң адамга 19 врач), 7066 мед. орто билимдүү кызматкер (81), 7700 орундуу койка (10 миң адамга 89 койка) болгон. Кийинки жыл­дарда ири ооруканаларда акы төлөп дарылануучу­лар үчүн атайын палаталар иштей баштады.
Жалал-Абад ш-нын жанында дарылык касие­ти жогору болгон минералдуу суунун базасын­да Жалал-Абад курорту иштейт. Облустун ай­магы жаратылыш шартынын кооздугу, кен бай­лыктарынын ар түрдүүлүгү ж-а тарыхый эсте­ликтеринин сакталышы м-н белгилүү. Дүйнө жүзүндөгү жаңгак токойлордун ичинен эң зор аянтты ээлеген белгилүү Түш. Кырг-н жаңгак ж-а жемиш токоюнун 90%и облустун аймагын­да. Сары-Челек көлүнүн айланасы, Аркыт, Арс­танбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма ж. б. жерлер­дин кооздугун айрыкча белгилөөгө болот. Об­лустун аймагында таш доорунда адам жашаган Кара-Суу тургун жайы, Саймалы-Таш (б. з. ч. 2-к. – б. з. 8-к.) ж-а Чаар-Таштагы таш бетине чегилген сүрөт-эстеликтер, Торкен көрүстөнүнүн (1–5-к.) калдыктары, 10–12-к-дагы Күлбөс-Хан, Чанчар-Хан ж-а Тогуз-Торо шаар-чептеринин чалдыбарлары, Шах-Фазил (12-к.), Арстан баба­нын (16-к.) кабырлары, Ыдырыс пайгамбардын күмбөзү (19-к-дын башы) ж-а акыркы жылдар­да калыбына келтирилип, кайра курулган Кур­манбек баатырдын күмбөзү бар.


Ад.: Ракитников Н. Сельскохозяйтвенные зоны Восточной Ферганы//Уч. зап. МГУ, 1939, вып. XXI; Биология орехоплодовых лесов и геодинамика в Южном Кыргызстане. Б., 1996; Бараталиев Ө., Мыр­заев А. Жалалабадская область // Кыргызстан. Б., 2001; Жалалабат облусу. Б., 2003. Ө. Бараталиев, А. Мырзаев, Э. Садыкова.