ЖАЛ-АРЫК 1
ЖАЛ-АРЫК I – Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү 1– 5-к-да жашаган байыркы көчмөн хунн урууларына таандык көрүстөн. Анда 700гө жакын мүрзө бар (көпчүлүгүнүн диаметри 10–20, бийикт. 1–2 м). Маркумдардын сөөктөрүн арча табыттарга салып, казанактуу жайларга коюшкан. Карапа идиштер, жыгач чөйчөктөр, алтын беткептин (маска) калдыктары, түрдүү түспөлдөгү шурулар, коло күзгүлөр, акак таш чөгөрүлүп жасалган алтын шакек, сөйкөлөр, темир кылычтар, жаанын жебелери, айнек бокал, сооттун калдыктары табылган. 1959-, 1963-, 1968-, 1969-ж. археолог Ы. Кожомбердиев изилдеген.